Айдаркен сымап комбинаты он күн ичинде кен казууга киришет

Баткен облусундагы Айдаркен сымап  комбинаты реконструкциядан өттү. Мекеме мурункудай сымап менен  гана чектелбейт, эми сурьма менен фуллерит да чыгара баштайт. Ал үчүн комбинатка инвестиция  тартылган.

Комбинатта эскилиги жеткен жабдыктар алмаштырылды.Учурда 200 кызматкер иштеп жатат. 10 күндүн ичинде кен казуу жумуштары башталат .Эгерде өндүрүш иши жанданса , 15 күндүн ичинде дагы 200 кишиге жумуш орду түзүлөт.

Жумушу токтотгон комбинатка  ата-мекендик “Север Сталь” компаниясы каражат бөлөт. Сымап, сурьма жана фуллеритке учурда  Кытай, Түркия, Орусия, Бразилия мамлекеттеринен  суроо талаптар түшүп жатат.

Учурунда Айдаркен комбинаты сымап өндүрүүчү ири ишкана болгон.

Мындан 9 жыл мурун  шахталарды суу кааптап, жумуш ыргагагы солгундап, мекеменин карызы 90 млн сомдон ашып кеткен. Азыр  эми комбинат иш жүргүзүүгө  толугу менен  даяр.

Аймакта дагы 40 жылга жетчү сымаптын кору бар деп болжошот.

Текст: Дөөлөтбек Кочкорбаев, Феруза Аскарбек кызы

Видео: Жыргал Абдижалил уулу

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.