Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучусу болуп дайындалды

Жунушалиев Айбек Жанышбекович борбордун жаңы мэри шайланганга чейин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Таалайбек Сарыбашов бүгүн, 12-августта, ээлеген кызмат ордун өз каалоосу менен бошотту.

Таалайбек Сарыбашов 2018 -жылдан бери Ош шаарынын мэри. Ага чейин үч жыл өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. Ал эми 2012-2015 -жылдары Алай районунун акими болуп иштеген.

2-августта Таалайбек Сарыбашов мурунку кызматынан бошотулуп, жаңысы шайланганга чейин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Айбек Жунушалиев 1976 -жылы 6 -июнда Чүй районунун Кегети айылында туулган. 1999 -жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юриспруденция адистигин аяктаган. 2021 -жылдын февралында өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп кызмат кылган. Май айында ал Артём Новиковдун ордуна министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.