“Air Манас” 1-марттан тарта Бишкек-Ош каттамдарын токтотот

1-марттан тарта “Air Манас” авиакомпаниясы Бишкек-Ош багыты боюнча каттамдардын баарын токтотот. Бул тууралуу аталган авиакомпаниядан билдиришти.

Каттамдар өндүрүш иштерине байланыштуу токтойт. Март айына билет алып койгон жарандарга акчалары толук кайтарылып берилет.

Ушундай эле көрүнүш өткөн жылы да болгон. Анын себеби болуп техникалык мүчүлүштүктөр экендиги менен түшүндүрүлгөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген