
Футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын жарым коргоочусу Ахлидин Исраилов карьерасын мындан ары Өзбекстан чемпионатында улантат. Бул жөнундө “Ынтымака” футболчу өзү кабарлады.
24 жаштагы жарым коргоочу Андижандын “Андижан” клубу менен 1 жылдык келишим түзгөн.
Ахлидиндин азыркы клубу “Андижан” өткөн жылы Өзбекстандын про-лигасында жеңүүчу болуп, быйыл Суперлига катарына кошулган. Өзбекстан Суперлигасында жаалпы 12 команда топ сүрөт.
Эске салсак, 2019 Азия Кубогунда Кытай дарбазасына Кыргызстандын жалгыз голун Ахлидин Исраилов киргизген болчу.
- 06.02.2019