“Ахал” командасы АФК кубогунан четтетилди

Түркмөнстандын вице-чемпиону “Ахал” “Нефтчи” менен боло турган беттешке келбегендиги үчүн АФК кубогунан четтетилди. Мындай чечимди Азия футбол конфедерациясы кабыл алды. 

Эми Кочор-Атанын командасы АФК кубогуна чыгуу үчүн Тажикстандын вице-чемпиону “Худжан” менен күч сынашат. Эки команданын 1-оюну 19-февралда Жалал-Абадда өтсө, жооптук беттеш 26-февраль күнү Душанбе шаарында болот.

Эске салсак, “Нефтчи” менен “Ахал” командасы АФК – 2020 кубогунун тандоо турунун алкагында 5-февралда Жалал-Абадда оюн өткөрүшү керек эле. Бирок “Ахал” командасы ал оюнга келген эмес.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген