Агартуу тармагындагылардын 40%ын жаш мугалимдер түзөт

Акыркы беш жылда агартуу тармагына тартылган жаш мугалимдердин саны арта баштады. Алар билим берүү тармагында эмгектенгендердин 40%ын түзөт. Алдыда дагы жаш адистерди тартуу аракети көрүлүүдө.

Октябрь айы башталгандан тарта өлкөдө мугалимдер майрамы белгиленип жатат. Окутуучулардын кесиптик майрамы Ош шаарында да өткөрүлүп, 100гө жакын агартуу тармагында иштегендерге ардак грамоталар менен төш белгилер тапшырылды.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Асанбек Авазовдун айтымында, акыркы беш жылдан бери билим берүү тармагында бир топ жетишкендиктер бар. Жылдан-жылга жаш кадрлар көбөйө баштаган. Бирок орус тилдүү мугалимдер менен окуу китептердин тартыштыгы жоюлбай келет.

Белгилей кетсек, Ош шаарындагы мектеп, бала-бакчаларда жалпы 3 500дөн ашык агартуучулар эмгектенетКыргызстандагы мугалимдердин кесиптик майрамын  5-октябрда белгилөө тууралуу токтомго 2014-жылы 30-октябрда кол коюлган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген