Афиша: 3-9-апрель

3-9-апрелде Ош шаарында өтө турган эң кызыктуу иш чараларды “Ынтымак” тизмектеди. Бул аптада сиз Салима Балтаеванын концертине барып эс алсаңыз болот. Балдарыңызды ээрчитип, циркке барыңыз. Кинотеатрларда бир нече кыргыз тасмалары коюлуп жатат. А апта соңунда джаз музыкасынын күйөрмандарын сонун жаңылык күтүүдө. Сулайман-Тоо музейинде болсо Алина Сыдыкованын “Күзгү баарын сактайт” көргөзмөсү уланып жатат.

САЛИМА БАЛТАЕВА ЫРДАЙТ

Качан: 3-апрель, саат : 18:30

Кайда: Ош улуттук драма театры

Билет баасы: 250 сом

 Концертти “Достор” тобу жана башка сахналаштары коштойт.

 

КЫРГЫЗ ТАСМАЛАРЫН КӨРҮҢҮЗ

“Тиги-Бу”, “ПОНТ”, “Мени менен ойночу” тасмалары

Качан: 3-9-апрель

Кайда: “Ак-Буура” кинотеатры

Билет баасы: 120 сом, студенттер, жаш балдар үчүн 100 сом

 

“ШАПИТО” ЦИРКИ

Качан: 3-9-апрель

Кайда: “Мээрим” эс алуу багы

Билет баасы: 100 сом, 4 жашка чейинки балдарга акысыз

Касса телефону: 0551551877

 

“КҮЗГҮ БААРЫН САКТАЙТ”  ФОТОКӨРГӨЗМӨСҮ

Качан: 17-марттан 20-майга чейин

Кайда: Сулайман-Тоо тарыхый-археологиялык музей комлекси

 

ДЖАЗ МУЗЫКАСЫ

Качан: 9-аперль, саат: 17:00

Кайда: Ош улуттук драма театры

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar