Афиша: 15-21-май

“Ынтымак” Media Group кезектеги афиша түрмөгүн сунуштайт. 15-21-майда Ош шаарында өтө турган эң кызыктуу иш чараларды тизмектеп чыктык. Аптанын башында Борончу Кудайбергенов күлкү тартуулайт. Бул жумада акысыз концерт көрүүгө да мүмкунчүлүк бар. Спорт сүйүүчүлөрү үчүн аптанын акырында ММА жана панкратион боюнча Азия чемпионаты өтөт.

 БОРОНЧУ КУДАЙБЕРГЕНОВ

“Менин аялым телефонбу же кабыргабы?” аттуу жаңы программадагы концертин тартуулайт

Качан: 12-13-май, саат : 20:00

Кайда: “Кыргызстан” кино театры

Билет баасы: 250 сом

“СУЛАЙМАН-ТОО ПЕРИСИ-2017” сулуулар кароо сынагы

Качан: 16-май, саат : 16:00

Кайда: Ош шаары, “Кыргызстан” кинотеатры

Билет баасы: 300 сом

Кеченин коноктору: Аман Ибраев, Юлия Руцкая, Айыма Айылчиева, Данияр Эрматов, Самара Каримова.

АКЫСЫЗ КОНЦЕРТ

Качан: 20-май, саат : 18:00

Кайда: Ош шаары, борбордук аянт

Катышуучулар: Асема, Замир Мырза, Кайрат Примбердиев, Айжамал Кабылова, Нурлан Насип жана Асель Касымова.

Кирүү акысыз!

 

ММА жана панкратион боюнча Азия чемпионаты өтөт

Качан: 20-21-май, саат : 20:00

Кайда: Ахматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо

Билет баасы: 20-май күнү 200 сом, 21-май күнү 300 сом

Картинки по запросу ммА Ош

КЫРГЫЗ ТАСМАЛАРЫН КӨРҮҢҮЗ

“Тиги-Бу”, “ПОНТ” жана “Шаардык келин шарапат” тасмалары коюлуп жатат

Качан: : 15-21-май

Кайда: “Ак-Буура” кинотеатры

Билет баасы: 120 сом, студенттер, жаш балдар үчүн 100 сом

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz