АФИША: 10-16-АПРЕЛЬ

10-16-апрелде Ош шаарында өтө турган эң кызыктуу иш чараларды “Ынтымак” тизмектеди. Бул аптада сиз Алтынай Нарбаеванын концертине барып эс алсаңыз болот. Балдарыңызды циркке алып барыңыз. Кинотеатрларда жаңы кыргыз тасмалары коюлуп жатат. Сулайман-Тоо музейинде болсо Алина Сыдыкованын “Күзгү баарын сактайт” көргөзмөсү уланып жатат.

АЛТЫНАЙ НАРБАЕВА “Кусалыгым музыка” аттуу концертин өткөрөт

Качан: 14-15-апрель, саат : 18:30

Кайда: Ош улуттук драма театры

Билет баасы: 250 сом

 Концертти сахналаштары коштойт.

КЫРГЫЗ ТАСМАЛАРЫН КӨРҮҢҮЗ

“Тиги-Бу”, “ПОНТ”, “Уламыштар” тасмалары

Качан: 10-16-апрель

Кайда: “Ак-Буура” кинотеатры

Билет баасы: 120 сом, студенттер, жаш балдар үчүн 100 сом

“ШАПИТО” ЦИРКИ

Качан: 10-16-апрель

Кайда: “Мээрим” эс алуу багы

Билет баасы: 4 жашка чейинки балдарга акысыз

Касса телефону: 0551551877

“КҮЗГҮ БААРЫН САКТАЙТ”  ФОТОКӨРГӨЗМӨСҮ

Качан: 17-марттан 20-майга чейин

Кайда: Сулайман-Тоо тарыхый-археологиялык музей комлекси

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar