Аэропортто жардыргыч зат бар деген жалган маалымат тараткан жаран изделүүдө

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет терроризм актысы тууралуу жалган маалымат тараткан адамдарды аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Мекеменин маалыматына караганда, 5-февраль күнү саат 14:41де Кыргызстандагы аба компанияларынын биринин электрондук почтасына «Манас» аэропортундагы имараттардын бирине саат менен иштөөчү жардыруучу түзмөк коюлганы тууралуу кат келген.

«Бул маалыматты текшериш үчүн УКМК менен ИИМдин атайын кызматкерлери аэровокзалды, учактарды жана башка бардык имараттарды текшерип, жыйынтыгында эч кандай жардыруучу түзмөк табылган жок», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Болжолдуу маалыматтар боюнча аэропортто бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат чет өлкөлөрдүн биринен жөнөтүлгөн.

Ошол эле күнү Ош шаарындагы аэропортто дагы жардыруучу зат бар экендиги тууралуу маалымат түшүп, текшерүүдөн кийин ал дагы ырасталган эмес.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген