Адис: ВИЧ менен узак өмүр сүрүүгө болот. Видео

Ош шаарында ВИЧ илдетин алып жүрүүчүлөрдүн саны 1048 ди түзөт. Ал эми облус аймагында бул сан 1448 ге жетет.

Бул көрсөткүч мындан да көп болушу мүмкүн. Себеби өз статусу жөнүндө билбей жүргөн жарандар да жок эмес. Ош облустук СПИДке каршы күрөшүү жана алдын алуу борбору жыл сайын илдетти аныктоо багытында түрдүү иш чараларды өткөрүп келет.

“Азыркы тапта, ВИЧти жуктуруп алгандарга биздин борбор тараптан психологдун жардамы көрсөтүлүп, коомдун толук кандуу мүчөсүнө айланышууда. Аларга карата, кодулоо деген терс көрүнүштөр акырындык менен жоюлууда”-  дейт Элмира Нарматова.

ВИЧти жуктуруп албоо үчүн эмне кылуу керек жана ВИЧ аныкталган соң кимге кайрылуу керектиги туурасында “Өңүт” программасы талкуулады. Берүүнү толугу менен төмөнкү видеодон көрсөңүздөр болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген