Адис: Салттуу түрдө билим берүү- окуучулар үчүн эмес, мугалимдер үчүн кооптуу

6-класска чейинки окуучулардын мектептерде салттуу түрдө билим алуусу балдар үчүн эмес, мугалимдер үчүн кооптуу. Анткени коронавирустун улуу адамдарга жугуу тобокелчилиги жогору. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Гүлшан Абдылдаева радиолордун бирине берген маэгинде билдирди.

Адистин айтымында, балдар вирусту алып жүрүүчүлөр, андыктан, учурда мугалимдерге мектептерди өтө кылдаттык менен зыянсыздандыруу тапшырмасы берилди.

“Балдар сабакка келгенде милдеттүү түрдө дене табын текшерүү тапшырмасы берилди. Мындан тышкары окуучулар келгенде ыссык суу, кол жуучу каражаттар даяр болушу керек. Колдорун жууп, антисептикалык каражаттарды сээп, анан гана класска киришет”,-дейт адис.

Абдылдаеванын айтымында, сентябрдын башынан бери мектепке барып жаткан 1-класстын окуучуларын окутууда санитардык талаптар жакшы аткарылып, оорулуулар катталган жок. 

“Саламаттыкты сактоо министрлиги окуучуларды этап-этабы менен окутуу алгоритмин иштеп чыкты. Абалга карап II чейректен тарта 7-11-класстар да мектепте билим ала баштайт деген пландар бар”,-деди Гүлшан Абдылдаева.

Ал эми тоолуу, Covid-19 жок аймактардагы 1-11-класстардын окуучуларына мектепке баруугу санэпидимстанциянын чечими менен уруксат берилди. Республика боюнча толугу менен ачылууга 62 мектепке уруксат берилди.

Эске салсак, 1-6-класстар үчүн окуу эртең, 6-октябрда башталат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген