Адеми Акимова

Радионун сулуусу , таланттуусу, ырчысы жана бийчиси Адеми Акимова менен жакындан таанышып алыңыздар:

Толук аты жөнү: Акимова Адеми

Келбетиндеги жактырган мүчөсү: кулагы

Жактырбаган үй жумуштары: идиш жуу

Эфирдеги кызыктуу учурлары: угармандардын эфирде сүйүүсүн арнаганы

Мүнөзү: 50:50 – кырдаалга жараша

Жакында кубанган жаңылыгы: “Рахмат апа” аттуу ыры ырчы Съездбек Искеналиев агабыздын аткаруусунда, жалпы элибизге тартууланганы. Сөзү: Адеми Акимова, обону: Съездбек Искеналиев

Фобиясы: жылан, жадагалса сүрөтүнөн да коркот

Убактысынын көп бөлүгү “Ынтымакта” өтөт, үйгө уктаганы гана барат

Учурда: “Ынтымак” КРТРКсынын көңүл ачуучу берүүлөрүнүн редактору жана ТВдагы “Сапар”, радиодогу “Кечки сфера” программаларынын алып баруучусу.

Эфирдеги фишкасы: Бактылуу күндөргө таазим…

Адеми Акимова менен кечки 21:00-00:00 чейин жолуксаңыз болот. Албетте, “Кечки сфера” программасынан.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz