Адамдын ичкен кофесине карап, мүнөзүн билүүгө болот

Психологдордун айтымында, адамдын жактырган кофесине карап анын мүнөзүнө баа берсе болот. Демек бирөөнү жакындан билгиңиз келип жүрсө, аны кофе ичүүгө чакырсаңыз болот.

Эспрессо кофесин  тандаган адамдар, көбүнчө реалист  болушат. Мындай  мүнөздүү  кишилер адатта эспрессо кофесин сүйүп ичишет. Бул  адамдарды бир нерсеге көндүрөм  деп убара болбоңуз. Алар дайыма өздөрүнө  гана ишенишет. Анан да бул мүнөз ээлерине толук ишенүүгө болот. Анткени алар туура кеңеш берип эле калбай берген убадасына  да так турушат. Булар классикалык стильдеги кийимдерди жана улуттук музыкаларды жактырышат.

Латте аттуу кофени жактырган жандар – коомдук кишилер. Алар шайыр келишет. Досторунун арасында тамашакөй болуп, дайыма көпчүлүктүн назарында болууну жактырышат. Коомчулук  менен иштөө алардын колунан келет.  Ошондой эле өздөрүнүн ар бир жасаган эмгегине ыраазы болушат.

Капучино кофесин көбүнчө сезимтал адамдар тандайт. Алар кыялданууну сүйгөн, романтиктер. Алар мээримдүү келип, башкалардан  да адилеттик менен ак көңүлдүүлүктү күтүшөт. Мындай жандар өздөрүнө ыңгайлуу болгон нерселерди гана тандашат. Мисалы үй, машинаны айтсак болот. Ошондой эле жагымдуу жана эс алдыруучу музыкаларды тыңдоону жактырышат.

Американо кофесине буюртма бергендерди акылдуу, рационалдуу мүнөз ээлери десек болот. Алар кыйтыр, ойчул жана айлакер болушат. Өз максатына жетүү үчүн  болгон күч аракетин аябаган кишилер деп айтууга болот. Мындайлар кооз жашоону, кымбат баалуу үй, машинаналарды  жактырышат.

Макала жактыбы?Анда досторуң менен бөлүш!☺

Фото: www.google.com

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген