Адам баласы жылына 14 курт-кумурска жейт. Сиз билет белеңиз?

Илимпоздор адам жөнүндө кызыктуу фактыларды тынымсыз иликтеп турушат. Алардын ар бир иликтөөсүнүн негизинде өзүбүзгө тиешелүү болгон маалыматтарга бай боло алабыз. Бул жолу сиздер билген жана билбеген кызыктуу маалыматтарды бул жерге камтыдык.

Адамдын сакалы 7-15 миң талдан турат. Ар бир тал бир жылда 14 сантиметрге өсөт. Ошол менен катар адамдын денесинин 95%ы түк менен капталган. Аялдарга караганда эркектер бат таз болушат. Себеби, аялдардын чачы териде 2 миллиметрге тереңирээк болот.

Адамда болжол менен 2 миллион тер бездери бар. Орто эсеп менен адам бир күндө бир литр тер чыгарып, 540 калорий жоготот. Аялдарга караганда эркектер 40% га аз тердешет.

Көгүш көздүү адамдар башкаларга караганда ооруга сезимтал келишет. Жер жүзүндөгү төрөлгөн балдардын көбү көк көздүү болуп төрөлүшөт.

Адамдын манжалары өмүр бою болжол менен 25 миллион жолу ийилет. Башка манжаларга караганда ортоңку манжанын тырмагы тез узарат. Тырмак кечки саат төрт менен алтынын ортосунда көбүрөөк өсөт.

Адамдын организиминдеги эң күчтүү булчуң – тил. Эн кызыгы Тил менен 2000 ден ашык даам сезүүгө мүмкүн.

Адамдын өмүрү өткөнчө чачынын узундугу болжол менен 725 километрге чейин өсөт. Ал эми бир түндө бир тал чач 0,35 милиметрге чейин узарат. Бир күндө орто эсеп менен 40-80 тал чач жоготобуз. Эгер бул көрсөткүч жогоруласа доктурга кайрылганыңыз оң. Баса, бир тал чач 3 килограм салмакты көтөрө алат.

Бир жылда адамдын жүрөгү 36 млн 800 мин жолу соксо, ымыркайлардын жүрөгү бир мүнөттө 140-160 жол согот. Баса адамдын жүрөгүнүн салмагы 220-260 грамм.

Уктап жатканда адам бир жылда орто эсеп менен 14 курт-кумурска жутуп алат.

Ал эми өпкөнүн сол жагына караганда оң жагына көп аба батат.

Өмүрү өткөнчө адам 40 тоннадан ашык ар түрдүү азык-түлүк жей алат. 60 жаштан кийин адамдын даам сезүүсү 50% га начарлайт

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген