Ачуусу бат келген адамга 6 кеңеш

Ачуулануу – жагымсыз эмоциялык абал. Бул сезим көп учурда жакын мамилелерди солгундатып, таптакыр байланышты үзүүгө чейин алып барышы мүмкүн. Албетте мындан оңойчулук менен арыла албайсыз. Андыктан, орун алган жагымсыз абалдын башка тарабынан кароого, сизди таарынткан кишини түшүнүүгө жана кечирүүгө аракеттениңиз.

  1. Статистикалык маалыматтар боюнча, көбүнесе өзүн-өзү көзөмөлдөй албаган адамдар ачууга бат алдырат. Ошондуктан ачуулуу адамга добуш көтөрүүнүн ордуна өзүңүз акырын сүйлөп, амалын табыңыз. Кек сактап аны да өзүңүздү да кыйнабаңыз. Албетте, өткөн ишти кайра калыбына келтире албайсыз. Андыктан мындай жагымсыздык башка кайталанбашы үчүн аракет жасаңыз. Таарынтып алган кишиңиз менен ачык сүйлөшүүгө бел байлаңыз. 

2. “Айтыла элек сөз сенин кулуң, айтылган соң – сен анын кулусуң”- дегендей, кандай учур болбосун  ичте сакталып келген сөздөрдү айтпай, сабыр кылган оң. Бир мүнөттүк сабырсыздыктан өзүңүздү кармап, миң жылдык мамилени сактап калыңыз.

3.  Сизди канчалык ачуулантса да, ал адамга эч сөз айтпай, көзүнө тике караңыз да кетип калыңыз. Бул аракетиңиз эч нерсеге таасир бербегени менен аны ойлондурушу мүмкүн. Муну менен сиз анын катачылыгын бир саамга болсо да сездире аласыз. Эгер айыптуу адамдын алдында аброюм артсын десеңиз, унчукпай коюңуз. Баары ачуу менен эмес, кечирим менен аякташы керек.

4. Ачууланган адамга каяша сүйлөбөңүз. Анда сиз жеңилесиз. Мындайда чыдамкайлыгыңызды көрсөтүп, тим болуңуз. Өзүңүздү коёрго жер таппай, ичиңиздеги терс аракеттерди ага чыгарып жүрбөңүз. Кырдаалды курчутпайын десеңиз, жакын деп санаган адамдарыңыз менен сүйлөшүп, сыр бөлүшүңүз.

5. Өзүңүзгө ичтен “токто” деп айтып, аны адатка айландырыңыз. Жашоодо кечирилбес күнөө менен айып жок. Кимдир бирөөнүн ката кетирип, туура эмес сүйлөгөнүнө тынчсызданбай эле коюңуз. Ар ким өзүнүн амалына карап, жооп берээри белгилүү.

6. Ачууланып турган кезде кимдир бирөөнү таарынтып алгыңыз келбесе, телефон чалууларга бир аз убакытка чейин жооп бербей туруңуз. Өзүңүздү тынчтандыруу үчүн жалгыз калып, музыка тыңдап, сейилдеңиз.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген