Абылгазиев ЖКга ыраазы: Депутаттар жеке кызыкчылыктарынан кечип, өлкөнү өнүктүрүүгө умтулууда

Учурда ЖК өкмөт менен конструктивдүү кызматташып, Өкмөттүн демилгелерин колдоо менен иш алып балууда. Айрым социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүдө көпчүлүк парламенттик коалиция гана эмес, оппозиция дагы колдоо көрсөтүүдө. Мындай билдирүүнү Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЖКнын Төрагасы Дастан Жумабеков башында турган депутаттарга ыраазычылык билдирүү учурунда жасады.

Анда Абылгазиев депутаттар Өкмөт мүчөлөрү менен дайыма байланышта болуп, көйгөйлүү маселелерди чечүүгө түздөн-түз катышууга аракет кылгандыгын белгилеп өттү.

“Мындай конструктивдүү маанайдын жаралышында өзгөчө ролду албетте, төрага Дастан Жумабеков, көпчүлүк коалициянын лидери жана парламенттик фракциялардын жетекчилери ойнойт. Ал ар дайым Өкмөттүн ишине объективдүү жана калыс баа берүүгө аракет кылат. Дастан Жумабеков маанилүү делген маселелерди парламенттин башкы трибунасынан гана эмес, жумушчу процессте байланышканыбызда да көтөрөт. Бул, албетте, парламент Төрагасы менен Премьер-министрдин позициясы дайыма дал келет дегендик эмес. Үзгүлтүксүз пикир алмашып, кээде талашып-тартышып олтуруп, келип чыккан көйгөйлөрдү тез арада аныктоого жана аларды чечүүнүн чараларын иштеп чыгууга аракет жасап келебиз”,-деди Абылгазиев.

Ошондой эле Абылгазиев учурда парламентте жаратман күч бар экендигин айтты.

“Фракциянын кызыкчылыктарынан жана жеке амбицияларынан кечкен депутаттар мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жан үрөп алдыга умтулушууда. Алар мамлекетти чыңдоо – биздин жалпы милдетибиз экендигин түшүнүшөт. Бул Өкмөт мүчөлөрүнүн урматтоосун пайда кылып, ыраазычылык жаратат”,-деп кошумчалады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал буга чейинки ЖК тууралуу да сөз козгоп, мурдагы ЖК ата мекендик экономикага кесепети тие турган саясий оюндардын ордосу болгондугун айтты.

“Кээде өлкө бюджетине олуттуу кыйынчылыктарды жараткан популисттик чечимдер кабыл алынып турган. Фракциялык жыйындар партиялык кызыкчылыктарга жетишүү үчүн ачык түрдө опузалоого жеткени, ал эми эл өкүлдөрү Өкмөттүн ишине гана эмес, жада калса, айрым ишканалардын операциялык ишмердүүлүгүнө кийлигише алат болчу”,- деди Премьер-министр.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген