Абылгазиев: Жакшыны гана ойлоп, бирок бардык нерсеге даяр турушубуз керек

Коронавирус инфекциясы экономикабызга терс таасирин тийгизбеши керек. Абалдан пайдаланып азыктардын баасын жөнү жок көтөрүп пайда көргөндөр да болушу мүмкүн. Болгон күч-аракеттерди жумшап, антикризистик иш-чараларды иштеп чыгуу зарыл. Мындай сөздү Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев вирустун Кыргызстанга жайылышына жол бербөө жан өнүгүшүнө бөгөт коюу боюнча кеңешмеде билдирди.

Абылгазиев товар жүгүртүүнүн бештен бир бөлүгү Кытай өлкөсүнө туура келээрин эске алып, басымдуу бөлүгү коңшу өлкөлөрдөн импорттолуп келээрин унутпаш керектигин айтты.

“Вирустун кесепетин азайтуу үчүн кырдаалдын бизнес чөйрөгө тийгизген таасирине терең талдоо жүргүзүш керек. Бул үчүн альтернативдик рынокторду издөө иштерин күчөтүп, бизнести колдоонун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу керек»,- деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жетектеген антикризистик иш-чаралар боюнча штабдын иши эки негизги багыт боюнча жүрүшү абзел.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жетектеген антикризистик иш-чаралар боюнча штаб эки багытта иш алып барышы керек.

«Биринчиси – ар түрдүү жагдайларга даяр болуп, азык-түлүктөр тиешелүү көлөмдө камсыздалууга тийиш. Азыктардын болгон камына талдоо жүргүзүп, кайсы товарды, кайдан, кандай баада жана канча мөөнөттө өлкөгө ташып келүүгө болору тууралуу так маалыматка ээ болушубуз керек. Экинчиси – Кытай менен чек ара жабылганы үчүн бажы төлөмдөрүнүн көлөмү түшүүдө, өнөр жай ишканаларынын ишине да таасирин берип жатат.

Жалпылап айтканда, коронавируска байланыштуу жагдай бюджет жана экономика үчүн аныксыздыкты жаратууда. Ошондуктан, айылдык кеңештердин, акимдердин жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн алдында ар бир объекттеги абалды изилдөө, тигил же бул маселелерди чечүүнү ыкчам көтөрүү милдети турат. Убактылуу өлкөдөн кетишип, кайра жумуш ордуна келе албай калган Кытай жарандары иштеген объекттер бош калды. Кыска мөөнөттө бул объекттерде ишти улантууну шарттай турган чаралар иштелип чыгышы керек. Зарылдыгына жараша башка адистер тартылышы кажет», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр өлкөнүн рынокторундагы абалды күн сайын изилдөө керектигин  тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлерине  тапшырды.

«Учурдагы абалдан пайдаланып, базарларда бааны жөнү жок көтөрүп пайда көрүүнү көздөгөндөр болушу мүмкүн. Мындайга эзели жол берилбеши керек. Айыл чарба продукцияларын ташып чыгарууга көзөмөл күчөтүлүп, азыктар тартыш болбошу керек», – деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Тышкы иштер министрлигине элчиликтер менен иш алып барууну, мындан ары да кыргызстандыктарга аракеттешүүнү, ошондой эле жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү талдоо иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Саламаттык сактоо министрлигине мамлекеттик чек аранын өткөрмө-көзөмөлдөө жайларында жана обсервацияларда нөөмөттө турган медициналык кызматкерлерге сый акы берүүнү караштыруу тапшырылды.

«Дүйнөлүк экономика үчүн белгилүү бир чакырыктары бар мындай жагдай биздин экономиканын кемчилдиктерин аныктоону шарттайт. Биз натыйжалуу биргелешкен ишибизди көрсөтүүгө тийишпиз», – деп ырастады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы ошондой эле экономикалык жоготууларды азайтуу боюнча биргелешкен чараларды иштеп чыгуу үчүн эл аралык өнөктөштөр менен иштешүүнү жакшыртуу керектигин айтты.

Кеңешменин жыйынтыгында Премьер-министр компетенттүү бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине КРнын аймагына коронавирус инфекциясынын кирүүсүнө жол бербөө жана дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын өнүгүү кесепеттерин четтетүү иштерин күчөтүүгө тийиштүү конкреттүү тапшырмаларды берди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген