Абылгазиев: жаңы үлгүдөгү паспорттор башка өлкөлөрдүн Кыргызстанга болгон ишенимин арттырат

Эми биометрикалык жалпы жарандык паспортторду берүү процессин өкмөт катуу көзөмөлгө алат. Бул тууралуу КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектеги Калкты тейлөө борборлорунун бирине болгон сапарында айтты.

Калкты тейлөөгө болгон сапарында Абылгазиев жакында жаңы үлгүдөгү паспорттордун электрондук бланктарын сатып алууга тендер жарыяланаарын билдирди.

“План боюнча жаңы үлгүдөгү паспорттор 2021-жылы берилүүгө тийиш. Жаңы паспорт башка өлкөлөрдүн биздин өлкөгө болгон ишенимин жогорулатканга өбөлгө түзөт. Ошондой эле чет өлкөлөрдүн визасын алуу үчүн кыйынчылыктарга туш болгон мекендештерибиз көп. Ушул маселенин чечилиши үчүн дагы паспортубуз эл аралык деңгээлдеги документке айланышы керек”,- деп билдирди премьер-министр.

Белгилей кетсек, республикада жалпы жарандык электрондук паспортторду берүү 2019-жылы башталмак. 2018-жылы 1,2 млрд сомго жаңы үлгүдөгү паспорттордун электрондук бланктарын сатып алууга тендер жарыяланган. Эң минималдык эмес сумма – 940 млн 150 миң сом сунуштаган – «Гарсу Пасаулис» литвалык компаниясы жеңүүчү катары таанылган. Немистик Muhlbauer ID Services «тендердин жүрүшүндө бузууларга жол берилгенин» билдирип, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, сотко берген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген