Абылгазиев Япониянын Кыргызстандагы элчиси Сигэки Маэда менен жолукту

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Япониянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сигэки Маэда менен жолукту.

Жолугушууда Өкмөт башчы эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык жана маданий чөйрөдөгү кызматташуусу динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле  он жылдан бери “Бир айыл – бир продукт” долбоору ийгиликтүү ишке ашып жатканын белгилеп, бул долбоорду өлкөнүн бардык аймактарында жүзөгө ашырууга чакырды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Премьер-министр Япония менен гидроэнергетика чөйрөсүндө кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилеп,   экологиялык нормаларга жооп берген жаңы технологияларды колдонуунун зарылдыгы жана республикага инвесторлорду, ири япон компанияларын тартуу тууралуу сөз кылды.

Өз кезегениде элчи Сигэки Маэда эки мамлекеттин ортосундагы алаканы мындан ары да чыңдоого жана кызматтыктын жаңы багыттарын өнүктүрүү үчүн бардык күчүн жумшарын айтты.

Элчи санариптештирүү боюнча мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин жогору баалап, республиканын IT-технологиялар чөйрөсүндөгү мүмкүнчүлүктөрү кенен экенин белгиледи. Ошол эле учурда элчи жогоруда айтылган чөйрөдөгү адистерди даярдоо жана окутууну уюштуруу маселесине колдоо көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.