Абылгазиев: учурдагы кырдаалдан кемчилик издегенди токтотуп, өз өндүрүшүбүздү түптөөгө убакыт келди

Коронавируска жол бербөө максатында киргизилген чектөөгө байланыштуу ата мекендик экономика жоготууга учурайт. Бирок биз үчүн калктын ден-соолугу маанилүү. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Абылгазиевдин айтымында, өкмөт аталган вирустун өлкөгө киришине жана жайылышына жол бербөө боюнча зарыл чараларды кабыл алды.

«Эки республикалык штаб түзүлдү: биринчиси инфекциянын экономикага тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтууга багытталды. Ал эми экинчи штаб вирусту өлкөгө киргизбөө жана жайылышына жол бербөө боюнча.

Ошондой эле өлкөнүн көзөмөл-өткөрүү жайларында текшерүү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Вирус тараган өлкөдөн келгендер 14 күндүк карантинге алынып жатат”,-деди өкмөт башчы.

Өкмөт башчы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу кемчиликтерди эле издебей, бизнести өнүктүрүүгө аракет жумшаш керектигин кошумчалады.

 “Өкмөт эл үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатат, андыктан калкыбыз жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылышы керек. Кемчиликтерди издегендин ордуна өз өндүрүшүбүздү баштап, жолго салып алышыбыз керек. Азыр сырьенун запасы бар, бирок ташуулар кантип, кандай жолдор менен жана качан калыбына келээри белгисиз. Ошондуктан элибиз коронавирустан сактанууга жапа тырмак киришип, мамлекеттик саясатты колдоосу керек”,- деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан тышкары өкмөт башчы мамлекеттик кызматкерлерди кооптуу өлкөлөргө болгон иш сапарларын токтотууну буйруду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген