Абылгазиев түштүк облустарын кыдырат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти.

Сапардын жүрүшүндө Абылгазиев Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Көк-Алма айылында социалдык объектинин ачылыш аземине катышат.

Мындан тышкары Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарындагы бир катар социалдык, инфраструктуралык мекемелердин абалы жана өндүрүштүк ишканалардын ишмердиги менен таанышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген