Абылгазиев Оренбургда жол кырсыгынан каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Федерациясынын Оренбург облусунда болгон жол кырсыгынын кесепетинен каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтты. 

Өкмөт башчы Тышкы иштер министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана тиешелүү кызматтарга кырсыктан каза болгондорду Кыргызстанга алып келүүгө байланыштуу  маселени чечүү жана жаракат алган жарандарга зарыл болгон медициналык жардамды берүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Маалым болгондой, аталган жол кырсыгынан 4 кыргыз жараны каза болуп, 3 адам жаракат алган. Учурда жаракат алгандар ооруканада.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.