Абылгазиев: Коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча бардык чаралар кабыл алынды

Өлкө аймагында коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча бардык чараларды кабыл алды. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Аблыгазиев өкмөттүн кезектеги жыйынын жүрүшүндө билдирди. 

Маалыматка ылайык, Саламаттыкты сактоо министирлиги тарабынан ыкчам штаб түзүлдү, мамлекеттик чек аранын бардык өткөрмө-көзөмөл жайларында санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү, «Манас» жана «Ош» аэропортунда келген жүргүнчүлөрдү текшерүү үчүн дене табын өлчөгүчтөр орнотулду. 2020-жылдын 23-январынан тарта Кытай мамлекети менен аба, унаа жана темир жол каттамдары толук бойдон токтотулду.

Премьер-министр баса белгилегендей, өлкөгө ташылган айыл чарба продукцияларына көзөмөлдү күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген