Абылгазиев: Ипотекага берилчү үйлөрдүн баасы арзан болушу керек

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасын ишке ашыруу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчы ипотекалык программаны мындан аркы каржылоо максаттарында жылдын аягына чейин кошумча 500 млн сом табылганын айтты.

” Биз мындан ары да активдүү иштөөгө тийишпиз жана ипотекалык насыялоо боюнча үстөктөрдү төмөндөтүү жана аны мындан дагы жеткиликтүү жана натыйжалуу кылуу үчүн ипотекалык насыялоо механизмдерин жакшыртуу боюнча милдеттерди алдыбызга коюбуз”, – деди Абылгазиев.

Ошондой эле пайыздык үстөктөрдү төмөндөтүү механизмдерин, насыя алуучулар турак жайды сатып алган баанын өзүн төмөндөтүү боюнча таасирдүү чараларды иштеп чыгууну тапшырды.

«Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасын каржылоого республикалык бюджеттен 3,6 млрд сом бөлүнгөн. Бул 3,5 миң үй-бүлөнү турак жай менен камсыздаган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген