Абылгазиев: Аялдардын баалуулуктарын сактап калышыбыз керек

Премьер-министр 8-мартта Ала-Тоо аянтында болгон окуя тууралуу оюн айтып, андагыдай башаламандыкка орун берилбеши үчүн тартип сакчыларына сак турушун, ызы-чуунун алдын алышын тапшырды.

Өкмөт башчы аялдардын коомдогу орду тууралуу оюн билдирүү менен бирге тараптарды акцияларда чыр-чатак чыгарбоого чакырды.

“Элибиздин арасында айымдардын ролу дайыма өзгөчө болуп келген. Ата-бабалардын жолун улай эле биз да бүгүн бул баалуулуктарды сактап калышыбыз керек, аялдарды сыйлашыбыз керек.

Акциялар учурунда укук коргоо органдары жарандарды коргоп, чыр-чатактардын алдын алууга болгон аракеттерин көрүшү зарыл. Ал эми акциянын уюштуруучулары дагы жоопкерчилигин сезип, чыгымчылдыкка жол бербөөлөрү керек”,- деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы Ички иштер министрлигине акцияларды өткөрүү учурунда мыйзам чегинде тартипти камсыздоону тапшырды.

Эске салсак, 8-март күнү Бишкектин Ала-Тоо аянтында аялдардын Тынчтык маршы өтүп, алар аянттан Опера жана балет театрына чейин барышы керек болгон. Бирок ал ортодо ак калпак кийишип, бет кап тагынган адамдар келип аялдардын кагаздарын айрып, буюмдарын ыргыта башташкан. Иш чара укук коргоочулардын акциянын катышуучуларын милиция бөлүмүнө алып кетүүсү менен аяктаган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген