Абылгазиев: Ачык иштеп, элге пайдамды тийгизүүгө аракет жасадым

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Арыз менен бирге Абылгазиев кыргыз элине кайрылуу жасап, Премьер-министрлик кызматты аркалап турган убакта өз ишинде ачык-айкын иштеп, жалпы ишке пайдасын тийгизгенге аракет кылгандыгын айтты.

“Буга чейин дагы айтып келгем жана дагы бир ирет баса белгилеп кетким келет, радиожыштык боюнча ишке менин эч кандай тиешем жок, ал эми менин дарегиме айтылган айыптоолор негизсиз болуп саналат. Менин эки жумалык эмгек өргүүмдүн учурунда тергөө органдары мага кандайдыр бир маселелер менен кайрылышкан жок. Тергөө бардыгын өз ордуна коет жана чыныгы мыйзам бузуучуларды аныктайт деп ишенем. 

Бирок, тилекке каршы, иликтөө иши соңуна чыга элек. Бүгүнкү өлкө коронавирус инфекциясына каршы туруп жана анын экономикага келтирген кесепеттери менен күрөшүп жаткан татаал шартта, Өкмөт туруктуу иш алып барып, жарандардын толук ишенимине ээ болуусу зарыл, ал эми белгисиздик абалы Өкмөттүн толук кандуу ишине тоскоолдук келтирет. Ушул өңүттөн алып караганда мен өзүмдөн КРнын Премьер-министри ыйгарым укугунан баш тартуу чечимин кабыл алдым.

Президент баш болуп мени колдогондорго ыраазычылык билдирем. Келечекте өз билимимди жана топтолгон тажрыйбамды өлкөнүн жана коомдун бакубаттуулугуна жумшоо мүмкүнчүлүгүм болот деп ишенем”,-деди Мухаммедкалый Абылгазиев кайрылуусунда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.