Абылгазиев: 2020-жылдын экинчи жарымында бюджет 28 млрд сом кирешесиз калышы күтүлүүдө

Учурдагы кризиске каршы ыкчам чаралар менен бирге эле экономиканы да калыбына келтирүү аракеттери жүрүп жатат. Ага ылайык чакан жана орто ишкерликти колдоо, ата мекендик бизнес үчүн насыялоочу жеңилдетилген программаларды иштеп чыгуу, кризистен кийин калыбына келүү учурунда ишканалардын финансылык жактан жандануу пландары каралып жатат. Мындай пикирин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кризиске каршы өткөн кезектеги кеңешмеде билдирди.

Абылгазиевдин айтымында, Кыргызстандын негизги соода-экономикалык өнөктөштөрү болуп саналаган өлкөлөрдө, Россия менен Казакстандын экономикасы туш болгон кыйынчылыктар ата мекендик экономикага таасир этпей койбойт.

«2020-жылдын экинчи жарым жылдыгында экономикалык кырдаал турукташкан учурда дагы бюджетке аз дегенде 28 млрд сом түшпөй калышы мүмкүн. Бүгүнкү күнү бүт дүйнө кошумча каржылоону издеп жатат. Президенттин Эл аралык валюта фондунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрүнөн кийин 2020-жылы АКШ бюджетти колдоого 120 млн АКШ долларын бөлүү чечимин кабыл алды. Ата мекендик экономиканы калыбына келтирүү жана кризисти жеңүү программаларын даярдоо боюнча башка өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Муну менен бирге биз жарандардын саламаттыгы, коомдук коопсуздук үчүн, өзгөчө кырдаалдарды алдын алууга, санариптештирүү жана башка мамлекеттик маанилүү маселелерде зарыл болгондон тышкары товарларга, иштерге жана кызматтарга мамлекеттик сатып алууларды жарыялоого убактылуу чектөө киргизүү чечимин кабыл алдык», – деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы эске салгандай, Кытай Эл Республикасы коронавирус эпидемиясы аяктагандыгын жана өлкөдө карантиндик иш-чаралар кыскаргандыгын расмий жарыялады.

«Бул жакынкы мезгилдерде товарларды ташуу үчүн чек араны ача алабыз деп эсептөөгө шарт түзөт. Ар бир кризистин башталышы жана аягы бар. Баарыбыз биргеликте бул кыйынчылыктарды өтөбүз жана экономикабызды калыбына келтиребиз деп ишенем», – деп жыйынтыктады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.