Аброй: жансыз таякты сыйкырга келтирген дирижёр

Саидрахман Матиев кол алдындагыларын гана эмес, музыканы дагы башкарат. 35 жыдык тажрыйбасы бар дирижёр профессионалдуулугунун арты менен Кыргызстанга таанымал. Учурда башкы дирижёрлук милдетин аркалап кыргыз музыкасына негиз салып келет.

Чындыгында ал кыргыз классикасына басым жасап, улуттук музыканы өнүктүрүүгө жан үрөп жүрөт. Элдик күүлөрдү дирижёрлоп, алтын казынага киргизгенге да үлгүргөн. Арасынан белгилүү “Миң кыял”күүсүн айта кетпесе болбойт. Андан башка эл сүйүп уккан 10дон ашык чыгармасы да алтын казыны толуктап жүрөт.

Дирижёрдун башкаруусундагы музалар

Канчалаган белгилүү эл жана эмгек сиңирген артисттер Саидрахман Матиевдин жетектөөсүндө концерттерди коюшту. Ошол эле учурда канчалаган аспап ойноочулар дасыккан кесипкөй дирижёрдун башкаруусунда нечендеген музаларды ойногон. Каарманыбыз дирижёрлогон 100дөн ашык обон-ыр аткаруучулардын мактоосуна татып жүрөт.

Балалык кыял башка эле…

Белгилүү дирижёрлукка жетүү Саидрахман Матиевдин балалык кыялы эмес эле. Баё тилектер ушул эле музыка багытынан алыс эмес, обончулук болчу. Ырдын пири Рыспай баш болгон, Жолболду Алибев, Асанкалый Керимбаев жана Токон Эшпаевдерди көбүрөөк кумир тутту. Жогорку окуу жайга да ушул тармакты көздөп тапшырган. Деген менен көөдөндө жаткан көмүскөдөгү талант чыгармачылыкка аралашканда суурулуп чыкты.

Өзүнүн түпкү кесиби калып кеткен тура деп ойлоп жүрбөңүз. Обон чөйрөсүнө кечирээк киргени менен катарлаш эле алып кетти. Болгондо да өзүнүн аткаруусундагы ырларга обон жазып, жеке концертин берүүгө да жетишкен. “Кош жаштык кез”, “Мен тумарың болоюн сенин”, ”Кетем дебе”, “Мекеним Кыргызстан” ж.б обондорун аты элге сиңип калган ырчылар аткарып жүрүшөт.

Тынымы жок жетекчи

Азырынча өзү жараткан обон-ырларын аркестердин коштоосунда дирижёрлой элек.Үлгүрбөй жүргөнүнө убакытынын тардыгы да себеп. Анткени көп кырдуу талантынан сырткары, жетекчилик жоопкерчилиги бар. Ал Ош филорманиясынын алдында түзүлгөн эл аспаптар аркестриндеги топту баштап жүрөт. Дайыма жаңыча изденүүнүн үстүндө болгон башкы дирижёр күн тынымын, түн уйкусун үч бөлө эмгектенет. Өзүнүн профессионалдык көз карашын өжөрлөнө аткарып, шакирттерине багыт көрсөтүүдөн тажабайт.

Саидрахман Матиев пайгамбар жашка жакындап калса да али-бери чыгармачылыктан кетээр оюу жок. Максаты мансап же наамга жетүү эмес. Анткени ал КРнын Эл артистин эчак эле алган. Азыр эми жөн гана кыргыз оркестрине из салуу. Анан да улуттук музыканы дүйнөлүк шедеврлердин катарына кошконго түрткү берүү.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген