Аброй: телеге арналган 50 жылдык өмүр

Өмүрбек Эрмекбаев Кыргызстандагы тажрыйбалуу операторлордун сап башында турган инсан. Ал бүт өмүрүн теле операторлукка арнаган, камерасын 70ке чыкса да колдон түшүрбөй, бир топ  бараандуу эмгектерди жараткан  ийгилик ээси. Бул жолу “yntymak.kg“ маалымат булагы Өмүрбек Эрмекбаев тууралуу кызыктуу фактыларды тизмектеди. 

Журналисттер династиясынан чыккан алп оператор

Өмүрбек Эрмекбаев 50 жылын теле операторлукка арнаган. Камерасын 70ке чыкса да, колдон түшүрбөй жүргөнүнүн сыры мына ушунда. Балалыгын Кара- Суу районунун  Жоош айылында өткөргөн Өмүрбек агай бул кесипке кичинекейинен ынтызар эле. Ал журналисттер династиясынан чыккан. Анткени бул кесипке 16 бир тууганынын жарымы берилишкен. 9-10-классында райондук, облустук  гезиттерге мектеп турмушун сурөттөгөн  чакан макалаларды даярдап берчү. 1978- жылы филология адистигине тапшырат. Башында газеталарга макала жазып иштеп жүрөт. Эрмекбаев операторлукту Советтер Союзу учурунда эле баштаган. Ал убакта Ошто бир гана телекомпания болгон. Коомдук телерадио компаниясы.

Карьерадан бийик турган үй-бүлө

50 жыл аралыгында каарманыбызды республикалык телевидениелер гана эмес, Орусиянын биринчи телеканалы да кызматташууга чакырган. Болгондо да көп өлкө сүйүп көргөн “Поле чудес” программасы анын чеберчилигине кызыккан. Чет жакта, абройлуу телевидениеде иштеп калуу баарынын эле кыялы. Албетте Өмүрбек Эрмекбаев иштеп калгысы келсе дагы,  ал үчүн үй-бүлө карьерадан бийик турду. Азыр эми балдарынан ата жолун уланткандар чыкты. Негизи уулдарына түйшүктүү кесибин өзү таңуулаган деле жок.

Кыргыз телевдениесинин тарыхында Өмүрбек Эрмекбаев операторлукту баштоочулардын катарында. Дайыма изденүү менен тартылган өзгөчө кадрлары Өмүрбек Эрмекбаевге ийгилик алып келди. Азыр ал өзү иштеген ЭЛТР телеканалында гана эмес, бүтүндөй кыргыз телевидениесинде кадыр-барктуу операторлордон. Кесиптештери Өмүрбек агай менен ЭЛТРдин тарыхы бир деп айтып калышат.

Операторлук менен айкалышкан спорт

Тажрыйбалуу оператор ар кандай кырдаалга даяр. Оор техникалар менен иштеп дайыма оперативдүү болуу зарыл. Ар дайым студиядагы берүүлөрдү гана тартып, жылбай иштеген операторлор да бар. Бирок кандай учур болбосун алар да оперативдуу болуш керек. “Өмүрбек агай 70ден ашса да, бизден тез кыймылдайт”,-  деп кесиптештери күлүп калышат. Буга анын жөө басууну адатка айландырганы себептир. Ушул жашка чейин машина айдап көнгөн эмес. Азыр деле таң атпай башталган жумушуна жөө келип кетет. Кезинде машыктыруучу Макен Исаковдун колунда чыгыш кун-фусуна катышып калчу.

Каарманыбыз жашоону өмүр бою камеранын көзү менен карап келатат. Ал тарткан көп кадрлар азыр тарых. Кылган эмгеги ошол тартымдары менен бааланарына шек жок. Азырынча сыймыктуу наам ала элек болсо да, максатынын түпкүрү анда эмес. Башкысы кайталангыс кадрларды теле казынасына калтыруу.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген