Аброй: аты унутулган килемчи эже

“Аброй” программасы бул ирет өзгөчө килемдери  менен  белгилүү болгон  касиеттүү Баткенге барды. Ууз-чеберлердин арасынан кардарларынын көптүгү менен айырмаланып, көзгө дароо эле урунганы Кибирахан Туйгунованын уникалдуу килемдери болду. 

Каарманыбыз чейрек кылымдан бери  килем согуп, өз ишинин устасына айланган. Эмгектери бири-бирине окшобой, көп изденүү менен кылдат жасалат. Чеберди Кыргызстандын булуң-бурчунан издеп келишкендер көп. Үйү болсо  кадимки эле жарманке.

Бүгүнкү күндө табигый таза килемдерди белек үчүн сатып алгандар көп. Колдо жасалып, баасы кымбат болгон үчүн кичинекейлери өтүмдүү. Чакан сувенирдик килемдер 2 жумада жасалат. Эң чоңдорунан жылына 2-3 даана гана согот. Ошол учурда Кибира эже айылдагы жардамчы колдорду чакырат. Кошуна келиндер бекер эмес, акы алып иштешет.

Ар бир токулган жибинде Кибирахан эженин көзүнүн нуру менен колунун кубаты бар. Биз аны каарманыбыздын ишин күзөтүп жатып байкадык. Бир килемди жасаш үчүн  жип ийрип, казан асып кайнатып, кайра аны кургатып  чыгыш керек. Чеберчилигин килемчи эже бара-бара бизнеске айлантып баратат. Анын колунан жаралган эмгектердин  эң кымбаты канчага бааланды  дебейсизби?

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz