Аброй: Адилеттик үчүн эч нерседен кайтпаган Гүлгакы Мамасалиева

Башы бек көчөгө тушуккандардын канчалаганы жол тапты. Үлбүлдөгөн үмүт учкуну акыйкатка айланып, жылдап созулган маселелер Гүлгаакы Мамасалиеванын кийлигишүүсүндө жарандардын пайдасына чечилип келатат. Талаш жерлер ээлерине кайтарылып же тийиштүү компенсация өндүрүлүүдө.

Чындыгында, орто  жолдо калгандар бийликтен эмес, андан көбүрөөк үмүт артышат. Себеби ал жетектеген укук коргоочу уюм талаштуу маселелерге чек коёт. Ошол себептүү кайрылгандардын тынымы жок. Ош, Жалал-Абад, Баткен гана эмес, борбор калаа Бишкекке чейин чакырып, үн катышат.

Каарманыбыз акыйкаттыкты бүгүн гана талап кылып чыккан жок. Тээ балачагынан эле калыптанып калды десек туура болот. Зиректигиненби, айтор бир туугандардын ортосундагы теңчиликти сактоо Гүлгаакыга жүктөлөөр эле. Таттууну тең бөлүштүрүү – азыр күлкүлүү угулаар, бирок ошол жоопкерчилик каарманыбызды адилеттүүлүккө үйрөттү.

Негизи Гүлгаакы Мамасалиеванын кесиби филолог. Иш жолун Ноокен районундагы мектептердин биринде катардагы мугалимдиктен баштаган. Кийин Оштогу жогорку окуу жайга ишке кирип, өзү айтмакчы мындагы адилетсиздиктин  элементтерин көргөн соң, бул жерден кетип, бейөкмөт уюмга келет. Азыр эми эмгегинин үзүрү кайта баштады. Президенттин төш белгиси, КРнын Башы прокуратурасынын алкыш баракчасы, акыйкатчынын жана Ош шаардык кенешинин  ардак грамоталары, Кыргыз бажысынын мыкты өнөктөшү  төш  белгисинин ээси. Бүгүнкү күндө өкмөттүк эмес уюмдарда иштеп, түпкү адистигин кийинки орунга коюп жүрөт. Ошентсе да, жаштарга жаңыча билим берип, жогорку окуу жайда да алдыңкы окутуучу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген