FB Twitter YouTube Одноклассники

«Ынтымак» коомдук-регионалдык телерадиокомпаниясы (КРТРК) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы №742 токтомунун негизинде түзүлгөн.

Медиакомпаниянын негизги максаты – түрдүү медиаплатформаларда маалымат берүүнүн инновациялык ыкмаларын колдонуу менен коомчулукту бир нече тилде көз карандысыз, бейтарап маалымат менен камсыздоо.

Биздин миссия: коомдун бардык өкүлдөрүн сапаттуу, бейтарап маалымат менен камсыздоо аркылуу тынчтыкты, биримдикти, конструктивдүү диалогду бекемдөө.

Биздин баалуулуктар: инновация, эркиндик, бейтараптуулук, ачык-айкындык, сапат.

2012-жылы алгач “Ынтымак” радиосу обого чыкты. Ушул эле жылы ТВ жана сайт да ишке кирди. 2014-жылдын ноябрь айынан тарта “Ынтымак” медиакомпаниясы “Биз” деген аталыштагы гезитин кыргыз жана өзбек тилдеринде чыгара баштады. 2016-жылдын июль айында компаниянын базасында Т.Турсуналиев атындагы медиамектеп ишке кирип, журналистикага кызыккан жаштарды конвергенттүү редакцияда иштөө ыкмаларына үйрөтүүдө. Мындан сырткары “Ынтымак” социалдык тармактар жана YouTube каналы аркылуу маалымат таратат.

“Ынтымак” Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде чыккан жападан жалгыз телерадиоканал. Бул аймактардын жашоочулары “Ынтымак” ТВны санарипте көрө алат, телеканал соцпакетке кирген. Радио FM 106,1 жыштыгында обого чыгат.

Медиакомпаниянын башкалардан дагы бир өзгөчөлүгү – конвергенттүү редакция принцибинде иш алып барат, башкача айтканда, бир эле журналист ТВ, радио, сайт жана гезит үчүн материал даярдайт.

 

“Ынтымак” – Келечек кыялдан башалат!