“Абийир жөнүндө ким сүйлөш керек?” Жанар Акаев Премьер-министрге жооп берди. Видео

Депутат Жанар Акаев Парламентте жыштык сатуудагы коррупция боюнча сүйлөгөн сөзүнө Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Прокуратура жооп бергендигин айтып, аларга өз пикирин түз эфирден билдирди.

“Премьер-министр “Мен Жанар Акаевдин өз абийирине койдум деди. Эгер абийир тууралуу сөз кыла турган болсок, Абылгазиевдин тушунда маалыматтык коопсуздукту эске албай туруп, жалаң Казакстандык уюлдук операторлорго биздин жыштыктарды бекер бергендиги факт. Ошонун айынан учурда 5 адам абакта олтурат. Алардыкындай абалга жакынкы күндөрү жогорку кызматтагылар да түшөт. Балким азыр кандайдыр бир саясий колдоо алып алышыңар мүмкүн, бирок жооп берчү күн жакындап калды.

Ошол эле убакта “КТ-Мобайл” деп өзүнчо уюлдук оператор ачып, Мегакомдун бюджетинен 345 млн сомду бөлдүрүп, ал компанияга Абылгазиев өзүнүн бажасынын уулун жетекчилик кызматка койгон. Акыры келип ал компания дагы банкроттук абалга кептелди, иши жүрбөй калды. Ал үчүн ким жооп берет? Ошондо абийир жөнүндө маселени ким козгош керек?”,-деди Акаев.

Ал ошондой эле прокуратуранын “Жыштыктарды ордуна мурда эле кайтарганбыз, Жанар Акаев биздин мээнетти өзүнө менчиктеп жатат” деген сөзүнө да токтолду.

“Биз жыштыктарды кайтарганбыз дедиңер. Кайтарууга милдеттүүсүңөр, бул силердин күнүмдүк жумушуңар. Жумушуңарды жасашыңар керек, болбосо жооп бересиңер. Аны эмне үчүн мурда ачыкка чыгарбай, басып жаттыңар? Же маалыматты билинбей калышы мүмкүн деп жашырдыңарбы? Элге ачык-айкын билдирип, биз жыштыктарды тараттык деп маалымат беришиңер керек болчу”,-деди Жанар Акаев.

Сөзүнүн соңунда депутат прокуратура өкүлдөрүнө бир топ суроолорду калтырды:

“Ушунчалык ыкчамдык менен менин ар бир сөзүмө жооп бердиңер, бул кылганыңар жакшы. Ушундан пайдаланып мени жана бардык элди кызыктырган, сенсациялуу суроолорго да жооп берип койсоңор: Дача-Су боюнча иш эмне болду? Батукаевдин маселеси эмне болду? Бажыдагы контрабандалык чуулгандуу иштер эмне болду? Ушул маселелерге жоопту эл күтүп жатат”,-деп Жанар Акаев сөзүн аяктады.

Эске салсак, ЖКнын жыйынында депутат Жанар Акаев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев байланыш чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларга тиешеси бар болушу мүмкүн экендигин билдирген. Ага жооп кылып, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ага карата айтылган сөздөрдүн бары имиш сөздөр экендигин билдирген.

“Менин аброюма, өкмөттүн дарегине сөздөр айтылды. Алардын бардыгы имиш сөздөр. Бул Жанар Акаевдин өзүнүн абийиринде, муну саясатка айландырбаш керек”,-деген Абылгазиев.

Премьер-министрге, Башкы прокуратурага. "Уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат" болуп жатат биягы. Өкмөт башчы жыштык маселеси боюнча жоопкерчиликтен качып кутулууну көздөп жаткандай, ал киши өзүнүн күмөндүү ишке тиешеси жоктугун сөзсүз далилдеши керек. “Абийирине койдум” дегени жетишсиз. Ошондой эле Башкы прокуратура да ишти саясатташтырып, чычалап отурбай, өз милдетин так аткарышы керек.

Опубликовано Janar Akaev Вторник, 26 мая 2020 г.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.