Абайлаңыз! Гепатиттин жугуу жолдору эң жөнөкөй

Гепатит А илдетине кабылган адамдын оорусу өтө тез эле күчөп кетет. Анткени бул оору жөнөкөй эле күнүмдүк жашоодогу колду таза жуубагандан, тамак- ашты таза колдонбогондон жана гепатит менен ооруп жаткан адам менен байланыштан эле өөрчүгөнгө жөндөмдүү. Бул боюнча гепотология боюнча дарыгер Султан Суранбаев телеканалдардын бирине берген маегинде билдирди.

Дарыгердин айтымында, гепатиттин А түрүнө кабылгандардын 95%ы жаш балдар.

“Илгертен эле гепатит “кир кол” деген сөз менен байланыштырылып келет. Колдордун таза эместиги аталган ооруга чалдыктырат. Бул оору аба аркылуу жукпайт, өздүк гигиенанын сакталбагандыгынан жугат. Ошондой эле учурда бала бакчаларда, мектептерде да күчөп, биринен- бирине өтүп, илдеттин А түрү тездик менен жайылып атат. Ооруну пайда кылган дагы бир фактор- таза суунун жетишсиздиги. Кайсы жерде таза суу болбосо, ошол жерде гепатиттин башталгыч түрү бар деп эсептегенге болот”,- деди Султан Суранбаев.

Дарыгер кошумчалагандай, калк арасында өзүнүн гепатитти жуктуруп алганын билбей жүрө бергендер көп.

“Дүйнө элинин 87%ы гепатит илдетин жуктуруп алганын билбей жүрө берсе, Кыргызстандын 99% калкы гепатитти жугузуп алганын билбейт. Пайда болгон гепатиттин А түрү андан ары күчөп кетпеши үчүн калкыбыз текшерүүдөн өтүп турушу керек. Азыр мурдагыдай заман эмес, баары жетиштүү, жеткиликтүү баада, баары диагнозтикалуу. Ошондуктан, эл саламаттыгына кайдыгер карабай текшерилип, эгер оорунун башталышы болсо дарыланудан өтүшү керек”,- деди Суранбаев.   

Ошондой эле Султан Суранбаев жыл сайын 8 миңден 12 миңге чейинки адам гепатиттин А түрүн жугузуп алаарын кошумчалап, бул жылы бактыга жараша ооругандардын саны аз экендигин айтты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген