Аба ырайы: тоолу райондорго кар түшөт

Бейшемби күнү, 22-ноябрда, өлкөнүн тоолуу аймактарында кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8, Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8;

Баткенде түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9, Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…5 градус болушу күтүлөт.

Ал эми борбор калаада күн ачык болуп,  +6…+8 градус болсо, ордолуу Ошто жаан жаап, +7…+9 градус жылуу болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген