Аба ырайы төмөндөп, тоолуу аймактарда 30 грудуска чейин суук болот

Ушул жуманын аягында Кыргызстанда аба ырайы өзгөрүп, суук түшөт. Абанын температурасы 26-январдан баштап төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -15…-20°, күндүз -10…-15°, Чүй облусунун түндүгүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -12…-17°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -9…-14°, күндүз 0…-5°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -15…-20°, күндүз -2…-7°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -15…-20° суук болот.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 17-22 метрге жетет.

27-29-январда абанын температурасы дагы төмөндөп, түнкүсүн Чүй, Талас өрөөндөрүндө -20…-25°, Чүйдө -25…-30°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө -11…-16°, Ысык-Көл ойдуңунда -17…-22°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо -30…-35° жетет.

Мындай аба ырайы жайыттарда мал кармоону, автоунаалардын жүрүшүн, энергетика тармагынын жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.