Аба ырайы: 8-9-ноябрда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт

8-9-ноябрда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден маалым болду.

Маалыматка ылайык, 8-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.
9-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.
9-ноябрда күндүз Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген