А. Асанбаев: Ноокаттагы Агарт мектебинде бир гана окуучу калган

Ноокат районунун  Агарт мектебинде бир гана окуучу калган. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Аккуш Асанбаев билдирди.

Анын айтымында аталган мектеп, Жаңы-Ноокат айылынан 30 чакырым алыстыктагы тоо боорунда жайгашкан.

2008-жылы жеке үйгө карлик тибиндеги мектеп болуп ачылган. Алгач 30 окуучу билим алган. Ал эми быйылкы окуу жылында бир гана окуучу калган.

“ Бул мектеп  алыскы айылда жашап жаткан үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн ачылган болчу. 1-класс менен 3-класс, 2-класс менен 4-класс чоогу окуп 3 мугалим эмгектенчү. Быйылкы жылы бир окутуучу менен анын мектеп жашындагы баласы гана калды. Жакынкы күндөрү ал окуучуну райондогу интернаттардын бирине жайгаштырабыз. Мугалимди дагы башка мектепке которобуз”,-деди райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Аккуш Асанбаев.

Белгилей кетсек, күн мурун социалдык тармактарда аталган мектеп тууралуу видео тараган. Анда Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү Агарт аймагындагы жашоочулардын балдары 1970-жылдары курулган эски үйдө билим алып жатышканы айтылган. Бирок билим берүү бөлүмү учурда бир гана окуучу калганын айтып, аны башка мектепке көчүрүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

Бирок бул Кыргызстандагы авариялык абалга кептелген жалгыз мектеп эмес.  “Ынтымак” буга чейин Токтогул районундагы боз үйдө окуп жаткан балдар жана 400 чакырым алыстыкка каттаган окуучулар тууралуу да чагылдырган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген