Кара-Суу районунда Улуу Ата-Мекендик согушка катышкан он алты ардагер калды. Алар бат-баттан мектеп окуучулары, айылдаштары менен жолугушуп, апааттагы күндөрүн айтып берип турушат. Алардын катарында Мамажан Токтосунов да бар. Ардагердин жашы учурда 93кө таяса дагы тоок багып, чарбачылык менен алектенип келет.

Мамажан Токтосунов учурда Кара-Суу районунун Мамажан айылында жашайт. Ал азыркы күндө алдуу күчтүү. Өзү үйүндө тынымсыз чарбачылык менен алектенип келет.

Согуштан кайтып келгенине 73 жыл болду. Бирок апааттагы күндөрүн бүгүнкү күндөгүдөй   көз алдында элестет.  Андагы баштан кечирген оор учурларын жакындарына айтып берип, балдарын мекенчил болууга үндөп келет.

Мамажан Токтосунов 19 жаш курагында согуш талаасына чакырылат. Алгач Өзбекстандын Самарканд шаарындагы аскер бөлүктө окуу машыгуудан өтүп, сержант деген аскердик наам алат.1943-жылы фронтко жөнөтүлүп, Орлов шаарын бошотууга, Белгород, Харьков үчүн болгон салгылашууда душмандардын мизин кайтарып, эрдик көрсөтөт. Ошол эле жылы кан майданда аксакалга эки жолу ок тийип, оор жарадар болот. Алган жараатынан улам 1944-жылы ата-мекенине кайтат.

“Мен эки досум болуп, согушка аттанганбыз. Эки жолдошум тең апааттан кайтпай калды. Мен үч шаардагы согушка катыштым. Өтө оор күндөрдү баштан кечирдим. Ал күндөр эч кайталанбасын”,-дейт Токтосунов.

Ардагер согушта жасаган эрдиктери үчүн “Экинчи даражадагы Улуу Ата мекендик согуш” ордени, “Жуков”, Күжүрмөн эрдиги үчүн”, “Каармандыгы үчүн” жана башка көптөгөн медалдар менен сыйланган. Ушул тапта, 6 кыз, 4 уулдун кадырман атасы,  64 небере, 83 чебере, 3 кыбыранын чоң-ата, таятасы. Уул кыздарына насаатын айтып, карыса да кайратынан жазбай күн кечирүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.