Маанилүү маек: президенттик башкаруунун өзгөчөлүктөрү

Ынтымак” КРТРКсында “Маанилүү маек” аталышындагы жаңы долбоор старт алган. Эфир ар жуманын бейшемби күндөрү кечки саат 19:00дө обого чыгып, ютуб каналыбызга жана www.yntymak.kg сайтына жарыяланат.

Долбоордун максаты – калкты Кыргызстанда болуп жаткан саясий, конституциялык, укутук өзгөрүүлөр, ал өзгөрүүлөрдүн таасири тууралуу ыкчам жана объективдүү маалымат менен камсыз кылуу.

Бул жолку чыгарылышыбызда президенттик башкаруу формасы тууралуу кенен баяндама кылабыз.

Кыргызстандын президентин шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

  • Президент болуп 35 жашка толгон, мамлекеттик тилди билген жана өлкөдө 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат.

  • Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин саны чектелбейт.

  • Жалпы мамлекеттик өнүгүү программасын сунуштаган жана 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтогон адам талапкер болуп каттала алат.

  • Кызматына киришерде кыргыз элине ант берет.

  • Ыйгарым укуктары жаңы шайланган президент кызматка киришкен учурдан тартып токтотулат.

  • Президент арызы боюнча кызматынан кеткен учурда, Конституцияда каралган тартипте кызматтан четтетилгенде, ошондой эле оорусу боюнча ыйгарым укуктарын аткара албай калганда же каза болгон учурда анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулат.

  • Президент кызматтан четтетилгенден кийин жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

  • Президент өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда, жаңы президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин төрагасы аткарат.

Президент төмөнкү негиздер боюнча кызматтан четтетилиши мүмкүн:

  • Конституцияны жана мыйзамдарды бузгандыгы үчүн;

  • Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына, сот бийлигинин органдарынын ишине мыйзамсыз кийлигишкендиги үчүн.

  • Президентти кызматтан четтетүү үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтѳн экиси добуш берүүсү керек.

  • Президенттин аракеттеринде кылмыштын белгилери болгону жөнүндө Башкы прокурордун корутундусу, Жогорку Кеңеш тарабынан коюлган айыптоо жана Конституциялык соттун корутундусунун негизинде президент кызматтан четтетилиши мүмкүн.

  • Президентти кызматтан четтетүү жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими Президентке каршы айып коюлгандан кийин үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбөөсү керек.

  • Эгерде бул мөөнөттө Жогорку Кеңештин чечими кабыл алынбаса, коюлган айып четке кагылды деп эсептелет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.