Керимбек Калыкулов Ош мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси болду

Калыкулов Керимбек Акматалиевич конкурстук тандап алууга чейин Ош шаарынын мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.

Тийиштүү буйрукка Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койгон.

Керимбек Калыкулов буга чейин ОшМУнун “Нур” гезитинде радактор, “Үмүт” телестудиясынын жетекчиси кызматтарында жана Ош шаардык “Ош шамы” гезитинде башкы редактор, “ЭлТР”, “ОшТВ” телеканалдарында башкы директор болуп эмгектенген.


Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.