9-класстан кийин кесип үйрөнүү эмне үчүн маанилүү?

Кыргызстанда жылына 9-классты орто эсеп менен 97 миң окуучу аяктайт: 60 миңдейи мектептен билим алууну улантат, 30 миңге жакыны кесиптик окуу жайга ѳтѳт, 7 миңден ашуун улан-кыз же билим, же кесип алуудан четтеп калат.

Нургазы (аты өзгөртүлдү) быйыл 9-классты аяктады. Мектепте билимин улантпай эле, иштегенди эп көргөн.  Учурда шаардагы курулуш компаниялардын биринде кара жумушта жалданып иштейт.

“Менде окууга башынан эле кызыгуу болгон эмес. Ошондуктан 9-классты аяктагандан соң, жөндөмүмө жараша иштөөнү чечкем. Бирок кийинчерээк сырттан окуп алсамбы деген ойлор бар. Себеби чоң объектерде прораб же мастер болуп иштөө үчүн сөзсүз түрдө диплом керек болот экен. Азыркы жумушумда кыйынчылык деле жок, акчасы да жакшы”, – дейт Нургазы.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, жылына 9-классты орто эсеп менен 97 миң окуучу аяктайт. Анын 60 миңдейи билимин мектептен улантат.  Ал эми 30 миңге жакыны гана кесиптик лицей, колледждерге тапшырса, калган 8 миңдин тегерегиндеги улан-кыздар түрдүү себептер менен орто билим алууну улантышпайт.

Билим берүү мыйзамына ылайык, Кыргызстанда окуучулар 9-класска чейин билим алууга милдеттүү. Министрликтин балдардын билимин андан ары көзөмөлдөөсүнө мыйзам жол бербейт.

Терең билим алуудан четте калуунун кесепети

Педагог Куштарбек Кимсановдун айтымында, балдар окууну кайдыгерлик, жакындарынын терс кеңештери жана социалдык абалга жараша токтотуп коюшат. Натыйжада алардын дүйнө таанымы артта калат. Кесиптик билим албаган соң жумуш табуу да кыйын. Мындай абал өнөр үйрөнбөй калган балага эле эмес, мамлекетке да залакасын тийгизет. Адистердин тартыштыгы жаралып, өлкө экономикалык, социалдык жана психологиялык өнүгүүдөн артта калат.

Куштарбек Кимсанов – педагог

Куштарбек Кимсанов белгилегендей, өспүрүм курактагы балдар убактысын пайдалуу нерсе үйрөнүү менен өткөрбөсө, түрдүү нерселерге азгырылып, кылмыш жасашы мүмкүн.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2020-жылы өспүрүмдөр тарабынан 1000ден ашуун кылмыш иши катталса, быйылкы жылдын биринчи кварталында 301 окуя аныктылды.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев балага тандоо мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү менен билимге кызыгуусун арттырууга болорун айтты. Тагыраагы, 9-класска көчкөн окуучудан жыл башында сурамжылоо жүргүзүп, ал тандаган предметтик сабактарды гана окутуу керек. Натыйжада бала калган бош убактысын өзүн өнүктүрүүгө жумшайт. Чет тилдерин үйрөнүп, түрдүү  ийримдерге барса болот.

“9-класска көчкөн баланы тестирлөөдөн өткөрүү жакшы натыйжа берет. Ал келечекте кайсы кесиптин ээси болгусу келсе, ошого жараша предметтик сааттарды окуганы жетиштүү. Бул жерде ата-энесинин, мектеп психологунун пикири да эске алынат. Мектептерде мындай системаны ишке ашыруу үчүн кошумча каражат талап кылынбайт. Анын үстүнө жогорку класстарда сабактардын түрү азаят. Ошондуктан бала убакытты туура колдонсо, 11-классты бүткөнгө чейин тандаган кесиби боюнча да билим, тажрыйба алат. Бир чети мектепти толук окуп бүтпөй кетип калуу көрүнүштөрүнөн арылабыз”, – дейт Нурбаев.

Балдардын кесип аркалоосуна багытталган жаңы мыйзам долбоору

2022-жылы жалпы орто билим алууга милдеттендирген жаңы мыйзам  күчүнө кирет. Ага ылайык, 9-класстан кийин балдар 11-класска чейин окууну мектептен улантуу керек, же кесиптик окуу жайларга тапшыруу зарыл. Министрликтин мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Самаркүл Умралиева бул чечим жаштар терең билим алып,  кесипке ээ болуп калуусуна жол ачарын билдирди.

Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, кесиптик лицей, колледждерде жалпы орто билим берүү программасы киргизилип, студенттер окууну аяктаганда кесиптик билим алганы боюнча диплом менен кошо аттестат дагы алышат. Ал эми 9-классты бүткөндө, дайымкыдай эле күбөлүк берилет.

“Жаңы мыйзам долбоорунда социалдык абалы начар үй-бүлөлөрдүн балдарына жеңилдик каралган. Алар кесиптик окуу жайларында акысыз билим алышат. Ал эми жалпы жаштарга конкурстук негизде акысыз билим алууга шарттар каралган. Долбоордун аткарылышына керектүү каражаттар боюнча финансы министрлиги менен макулдашканбыз”, – деди Самаркүл Умралиева.

Мыйзам долбоорунун аткарылышына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ички иштер министрлиги көмөктөшөт. Окуучулар менен ата-энелерге билим алуунун зарылдыгын жана артыкчылыгын түшүндүрүп, көзөмөлдөшөт. 

Орто кесиптик окуу жайлар менен колледждерде тигүүчү, ширетүүчү, ашпозчу, эсепчи, куруучу, башталгыч класс мугалимдери жана программист сыяктуу адистер даярдалат.

Орто кесиптик окуу жайларда билим алуу мүмкүнчүлүктөрү

Алсак, Ош шаарындагы 16-кесиптик лицейи 9-класстын базасында окуучуларды кабыл алып, 5 багыт боюнча билим берет. Лицей теориялык билим менен кошо практикалык көндүмдөргө ээ болгон адистерди даярдап чыгарууда.

Назгүл Ахунбаева – 16-кесиптик лицейдин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары

Жыл сайын өлкөнүн аймактарында “Бош иш орундар жарманкеси” өтөт. Анын негизинде эмгек рыногунда кайсы адистиктерге суроо-талап жогору экендиги байкалат. Акыркы жылдары иш берүүчүлөр көбүнесе тарбиячы, эсепчи, курулушчу, механик жана мугалимдерге бош орундарды сунуштап жатышат.

Азирет Али Маткалыков – Ош мамлекеттик университетинин карьера борборунун жетекчиси

Кесиптик билимдин артынан ийгиликке жеткендер

Он жылдан бери тиш дарыгери болуп иштеген 29 жаштагы Байгазы Акбарали уулу мектепти 9-класс менен аяктаган. Андан кийин стоматология жаатында колледжге тапшырып, 2-курсунан тарта клиникаларда жардамчы болуп ишин баштаган. Натыйжада жеке клиникасын ачууга да жетишти. Ал керектүү билимдин көпчүлүгүн практика аркылуу алганын айтты. Каарманыбыз учурда өзү да шакирттерди даярдап чыгарууда.

Байгазы Акбарали уулу – дарыгери

Ал эми 18 жаштагы Мээрим сулуулук салонунда эмгектенет. 9-классты аяктагандан соң чачтарачтык боюнча билим алган. Каарманыбыз азыр салондогу кардары эң көп жумушчулардын бири.

Мээрим теориялык билимге караганда практикалык билимди көп алгандыгын белгилейт. Азыркы жумушуна чейин бир топ салондордо жардамчы болуп иштеген. Учурда ал өзүнө жетиштүү каражат таап, ата-энесине да каржылык жактан көмөктөшөт.

Мээрим Равшанбекова

Дүйнөдө мыкты билим берүү, жаштарды кесипке даярдоо жаатында Финляндия, Сингапур жана Кытай өлкөлөрү алдыда турат. Бул мамлекеттерде жогорку класстын окуучуларына кесип үйрөтүүгө басым жасалат. Ал эми жакынкы Өзбекстан, Казакстан жана Орусия мамлекетинин билим берүү мыйзамы боюнча  окуучулар толук орто билим алууга милдеттендирилген.

“Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюму өнөктөштүктө, Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К аталган долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.

Даярдаган: Нуржамал Баргыбаева

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.