9 айда аялуу катмардагы жарандарды акысыз дарылоо үчүн стационарларга 840 млн сом бөлүндү

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) фонду 2020-жылдын 9 ай аралыгында калктын катмарындагы 294 миң бейтапты дарылоо үчүн стационарларга 839 млн 800 миң сом төлөп берди. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.

Калктын социалдык жактан аялуу категориясы (6 жашка чейинки балдарды кошпогондо) жылына эки жолу ооруканага акысыз жатып даарыланууга мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн бейтапка үй-бүлөлүк дарыгердин жолдомосу керек.

Эгерде бейтап жылына эки жолудан ашык ооруканага жатса, анда баалардын бекитилген прейскурантына ылайык кошумча төлөйт.

Медициналык-санитардык жардамды төмөнкү категориядагы жарандар акысыз ала алышат:

  1. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана Баткен окуясынын майыптары.
  2. Эл аралык терроризмге каршы согуштук кагылышууларда жабыркаган жана майып болгон жарандар.
  3. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы күжүрмөн эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган жарандар.
  4. Мурунку концлагерлердин туткундары.
  5. Ленинград шаарында курчоодо калгандар.
  6. 70 жаштан ашкан эмгек ардагерлери.
  7. “Баатыр эне”ордени менен сыйлангандар.
  8. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Жумуш колонналарына (эмгек армиясына) мыйзамсыз күч менен мобилизацияланып, кийин реабилитацияланган жарандар.
  9. Советтер Союзунун Баатырлары жана Даңк орденинин 3 даражасы менен сыйланган адамдар.
  10. Социалисттик Эмгектин Баатырлары.
  11. “Кыргыз Республикасынын Баатыры” жогорку артыкчылык даражасына татыктуу болгон, “Манас” ордени менен сыйланган жарандар.
  12. Башка мамлекеттердин аймагында болгон согуштук иш-аракеттерге катышкандар.
  13. Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепетинен жапа чеккен жарандар (радиациялык кырсыктардын кесепеттеринен улам оору менен ооругандар);
  14. Аскердик кызматтын милдетин аткарууда жаракат жана мертинүү алып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар.
  15. Пенсия курагына жеткен учурда курман болгондордун жана дайынсыз жоголгондордун үй-бүлө мүчөлөрү (ата-энеси, энеси).
  16. Ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар эмгек майыптыгынын, кесиптик же жалпы оорунун натыйжасында I жана II топтогу майыптар.
  17. Көрүүсү жана угуусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар.
  18. Бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар.
  19. 18 жашка чейинки, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар.
  20. 6 жашка чейинки курактагы балдар.
  21. Мамлекеттик балдар үйлөрүндө, үй-бүлөлүк балдар үйлөрүндө (багып алган үй-бүлөдө) жана жетим балдар үчүн интернаттарда жашаган жетим балдар, ата-энесинин камкордугусуз калган балдар.
  22. Карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн интернат үйлөрдө жашаган жарандар.
  23. Амбулаториялык деңгээлде медициналык текшерүүгө же стационардык шартта дарыланууга аскердик-врачтык комиссиялар тарабынан жиберилген анык аскердик кызматка чакырылууга тийиштүү болгон жарандар.
  24. Ведомстволук саламаттык сактоо уюмдарында квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү мүмкүн болбогон учурда мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчылары аскер кызматын өтөгөн мезгилде.
  25. ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдар.
  26. 16 жашка чейинки аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары,Билим берүү мекемелеринде окуп жаткан болсо, социалдык өнүктүрүү органдарынын маалымкатын көрсөткөндө 18 жашка чыкканга чейин.
  27. 70 жаштан ашкан пенсионерлер.
  28. Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар үйлөрүнүн, үй-интернаттардын 23 жашка чейинки бүтүрүүчүлөрү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген