Көзөмөлсүз калган коомдук дааратканалардын абалы

Ысык-Көлдө эс алып жүргөн Хилола Ашурова дааратканалардын абалы боюнча “Ынтымакка” видео тартып жөнөткөн. Тасмада санитардык талаптарга жооп бербеген даараткананы пайдаланууга аргасыз болуп жатканын, пансионатта мындан башка даараткана жок экендигин айткан.

Видеодон даараткананын ичи тазаланбаганын, акыр-чикирлер ташталып, урна жок экенин көрүүгө болот. Хилола Ашурова мындай дааратканалар жаш балдар үчүн кооптуу экенин кошумчалаган.

Хилола Ашурованын видеосу

Ал эми бул даараткана Баткен облусундагы Исфана шаардык мэриясынын короосунда жайгашкан. Шаар тургуну Элдор Долиевдин айтымында, мэрия кызматкерлери да, – жумуш боюнча келген жарандар да ушул даараткананы пайдаланышат. Көп жылдан бери колдонулуп келген даараткана толугу менен тазаланбайт. Айрыкча күн ысыкта айланасын жагымсыз жыт каптап, ыңгайсыздык жаратат.

Ош шаарынын борбордук базарында жайгашкан коомдук дааратканалардын санитардык абалы да көңүл жылытпайт. Макаланы даярдоо алдында 5-6 дааратканага кирип көрдүк. Дээрлик жеке менчикте болгондуктан, төлөм акы 10 сомдон. Жарандар акча төлөп пайдаланганы менен шарттар түзүлгөн эмес.

Канализация системасына кошулган дааратканалардын көпчүлүгүнүн унитаздарынан суу жакшы кетпей, көзөнөгүнө калдыктар топтолуп калган. Көпчүлүгүндө кол жуу үчүн таза суу чыкпайт. Самын, кол кургатуучу каражаттар да жок.

Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти 2022-жылга чейин ишкерлик субьектилерин текшерүүгө өкмөт тарабынан мароторий жарыялангандан бери коомдук дааратканалардын тазалыгын текшербей калган. Бүгүнкү күндө жарандардан арыз түшкөндө гана департамент кызматкерлери көзөмөлдөөгө мыйзам жол берет. Бирок, мароторий киргизилгенден бери бир да жолу нааразычылык каты түшкөн эмес.

Эгерде сиз жашаган аймакта коомдук даараткананын тазалыгы талапка жооп бербесе, департаменттин dgsenkg@mail.ru электрондук дарегине кат жазып же +996 312  32 32 01 ишеним номуруна кабарласаңыз болот.

Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти коомдук дааратканаларды иштетип жаткан тараптарды өкмөттүн санитардык эрежелер боюнча токтомун аткарууга чакырат:

Таза эмес дааратканаларды колдонуунун кесепеттери

Дарыгерлер санитардык нормаларга жооп бербеген ажатканалар жугуштуу оорулардын келип чыгуусуна себепчи болорун айтышат. Ош облустук клиникалык ооруканасынын №2 жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Исламбек Тойтонов, дааратканадан чыкканда кол жуубагандын айынан жарандар гепатит, дизентерия сыяктуу жугуштуу оорулар менен жабыркап жатат деп эсептейт. Ошондуктан жеке гигиеналык эрежелерди сактоого чакырат.

Исламбек Тойтонов белгилегендей, ажаткананын айланасын чымын-чиркей каптап кетпегендей колдонуу зарыл. Себеби чымын-чиркей тамак-ашка дагы конуп, инфекцияларды ташып, ичеги-карын ооруларын жайылтат.

Статистика комитетинин маалыматына ылайык, жыл санап жугуштуу илдеттерге кабылгандардын саны артууда. Маселен, 2019-жылы өлкө боюнча 89 миңден ашуун адам жугуштуу жана мите ооруларына кабылган. 2020-жылда бул көрсөткүч өсүп, ооругандардын расмий саны 94 миңге жеткен.


Исламбек Тойтонов – Ош облустук клиникалык ооруканасынын №2 жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы

Өз кезегинде коомдук дааратканалардын абалы туристтердин да сынына кабылып келет. Эл аралык «Мундуз турист» компаниясынын жетекчиси Умаржан Есиддиновдун айтымында, эс алууга келгендерди таза эмес  дааратканалар жүдөтөт. Жыл сайын туристтик сезон башталарда санэпид кызматы менен жергиликтүү аймактардын өкүлдөрү  эс алуучу объекттерди текшерип туруусу керек.

“Өлкө аймагындагы эс алуу жайларынын көпчүлүгү жеке менчикке өтүп кеткен. Жетекчилерине район акимдери, айыл өкмөт адистери дагы тазалыкты сактоого тапшырмаларды бериши керек. Учурда туристтерди тейлөө боюнча инфраструктурадан аксап жатабыз. Буга ошол эле тейлөө тармагындагы тамактануучу, жуунучу жайлар жана ажаткана маселеси кирет. Былтыр коронавирус илдети тарай баштагандан бери чынында туризм тармагы алдыга жылган жок. Бирок, жакынкы Орусия, Өзбекстан жана Казакстандан эс алуучулар келип жатат. Аларда жакшы таасир калтыралы десек биз тейлөө шарттарын жакшыртышыбыз керек”, – дейт.

Умаржан Есиддинов, Кыргызстан жаратылышы кооз, тарыхый жерлери көп болгону менен тазалыкка көңүл бурбаса, эс алуучулардын агымы төмөндөй берээрин, натыйжада тейлөөдөн түшкөн киреше азайып, экономикалык көрсөткүч артка кете тургандыгын баса белгиледи.

Туризм департаменти көйгөйдүү чечүү жолун сунуштады

Туризм департаменти мындан эки жыл мурун коомдук дааратканалардын абалына мониторинг жүргүзүп, канааттандыраарлык эмес деп тапкан. Эс алуу жайларындагы ажатканалардын таза эместиги, ал эми өлкөнүн негизги унаа жолдорунда дааратканалардын жетишсиздиги туристтерге ыңгайсыздык жаратат.

Департамент эл аралык маанидеги жолдордун четинен кошумча жер аянтын бөлүп берүү суранычы менен мамлекеттик архитектура кызматына кат жолдогон.

Жер тилкелери аныкталып, пайдаланууга уруксат берилсе, пилоттук долбоор башталат. Ага ылайык, коомдук дааратканаларды инвесторлор курат. Учурда инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын департаменттин жетекчисинин орун басары Кыял Кенжематова билдирди. Ал ошондой эле курулушту өз эсебинен каржылаган демөөрчү андан ары ажаткананы акы төлөп пайдалануу эрежесинин негизинде иштете аларын айтты.

Туризм департаментинин долбоорунун негизги максаты – жер тилкелерин жеке секторго берүү менен ички, сырткы туристтерди таза, талапка жооп берген ажатканалар менен камсыздоо. Тактап айтканда, дааратканалар канализация системасына кошулуп, электр энергиясы тартылат. Коомдук даараткананы иштеткен адамдар санитардык талаптарды сактап, күн сайын тазалап турушат.

Көчмө дааратканаларды колдонууга өтсө болот

Ысык-Көл облусунун тургуну Имаш Базарбаев “Экосан” аталышындагы биологиялык даараткананы ойлоп тапкан. Ал курган ажатканалардан жыт чыкпайт, суюктук менен заң эки башка жакка түшөт.

“Бул дааратканалар экологияга, өзүбүзгө да пайдалуу. Заң менен суюктук эки башка тешикке түшкөндүктөн, ал бат эле кургап калат. Андан кийин акиташтын майдасын кошуп жер семирткич катары колдонсо дагы болот. Мен бул дааратканаларды куруу жолдорун шакирттериме үйрөттүм, алар азыр аймактарда “экосан” ажатканаларын куруп жатышат. Баасы 50-60 миң сом. Бул дааратканалардын негизги артыкчылыгы – бир жерден экинчи жерге көчүрүп барса болот. Жайлоолорго, туристтик аймактарга койсо болот. Ал эми калдык сактоочу колонкасы бир сезонго кенен жетет”, – деди Базарбаев

Санитардык нормаларга жооп берген дааратканаларды курса болот

Айыл жерлеринде санитарияны туруктуу өнүктүрүү максатында Кыргызстандын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентттиги (АРИС) жер үйлөрдү таза, коопсуз даараткана менен камсыздоо долбоорун ишке ашырууда.

Дүйнөлүк Банк каржылаган долбоордун алкагында Ош облусунун Ноокат районунан 148 кожолук акчалай колдоо алып, ички жана сырткы ажатканаларын санитардык нормаларга ылайыктап курушту.

Грант алгандардын катарында Матисман Мамажановдун үй-бүлөсү бар. Алар короосуна даараткана курушту. Курулуш иштеринин жүрүшүндө АРИСтин адистери тийиштүү талаптардын сакталуусун көзөмөлдөп турушкан. Натыйжада үйдөн 20 метр аралыкта желдетүү түтүгү, көзөнөк капкагы, дубалы пенобетон, чымын-чиркейден сактоочу тор тосмосу, бут кийим аркылуу инфекция таратпоого шарт түзгөн бут койгучу бар жана чуңкуру бетондолгон ажаткана салынды.


Матисман Мамажанов – Ноокат районунун тургуну

Бул долбоор эми өлкөнүн башка аймактарында да ишке ашат. Эрежеге ылайык таза суу тартылган айылдарга колдоо көрсөтүлөт. Жалпы он айылда 10 миңдей жеке кожолукту таза жана колдонууга ыңгайлуу ажаткана менен камсыздоо пландалган.


Баймырза Мамбетов – АРИСтин санитардык субсидия боюнча адиси

Аталган долбоор Орто Азия боюнча алгачкылардан болуп Кыргызстанда пилоттук негизде иштеп жатат. Башкы максаты – грант алган үй-бүлөлөр аркылуу коомго санитарияга шайкеш келген дааратканалардын үлгүсүн жайылтуу.

Белгилей кетсек, акчалай колдоо аркылуу бардык талаптарга жооп берген ажаткана курууну каалагандардын үйүнүн документи жана паспорту болушу керек. Агенттиктин байланыш номерлери: 0 (312) 30–18–05, 0 (312) 62–07–52.

“Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюму өнөктөштүктө, Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К аталган долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.

Даярдаган: Нуржамал Баргыбаева

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.