Баланы ата-эне камкордугунан алыстаткан миграция

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өткөн жылдын январь айында атасы эмгек миграцияда жүргөн үч жаштагы наристе ур-токмоктон каза болгон. Кылмышка шектелип кармалган Д.А аттуу жаран (жеңеси) психикалык ооруга чалдыкканы аныкталды.

Облустук соттун маалымат кызматынан билдиришкендей, учурда айыпталуучу психоневрологиялык ооруканада дарыланып жатат. Ал өзүн-өзү өлтүрүүгө да аракет жасаган. Жазык кодексинин “Уруп-согуп кыйноо жана ден соолукка оор зыян келтирүү” беренелери боюнча иш козголгон. Бирок айыпталуучунун ден соолугуна байланыштуу жазык иши өндүрүштөн убактылуу токтоп турат.

Наристе каза болгон учурда атасы Орусияда иштеп жүргөндүгү, ал эми апасы 2019-жылы каза болгону маалымдалды.

Ушул сыяктуу дагы бир окуя үстүбүздөгү жылдын 15-майында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда катталды. Анда үч жаштагы бала ур-токмоктон каза болгон.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө апасы баланы кудасына таштап, өзү Орусияга кеткендиги аныкталган. Бул факты боюнча кудасы эки айга камакка алынып, учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.

Сандар сүйлөйт

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 2021-жылдын 1-кварталына карата эмгек мигранттарынын балдарынын жалпы саны 83 миң 197ни түзгөн. Алардын ичинен тогуз бала катаал мамиледен жабыркап, төртөө физикалык зомбулукка кабылган. Үч бала сексуалдык зомбулукка дуушар болуп, экөө психологиялык жактан жабыр тарткандыгы аныкталган.

Жашы жете электерге карата зомбулук көрсөтүү, суицидке баруу фактыларынын алдын алуу үчүн министрликтин камкордукка каттоо программасы иштеп жатат. Мында ата-энелер эмгек миграциясына кетерде  аймактык социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылып, балдарын туугандарына расмий камкордукка каттатып кетиши керек. Анын негизинде балдарды коргоонун
аймактык бөлүмү баланын абалынан жана расмий камкорчусунун жашоо шартынан кабар алып турат.

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында каттого алынган 83 миңден ашуун баланын 47 миңин камкорчулукка каттабай туруп туугандарынын жанына таштап кетишкен. Ал эми миңдей бала туугандык байланышы жок адамдардын колунда калган.


Нурлан Закиров – Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башкы адиси

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча 18 жашка толо элек 2 жарым миллион бала бар. 2020-жылдын аягында 340 миңден ашык бала жашаган үй-бүлө социалдык жактан корголбогон, абалы оор деп табылган.

Көйгөй эмнеден улам жаралууда?

Калктын аялуу катмарын коргоо фондунун жетекчиси Зейнеп Эшмуратованын айтымында, бала менен убактылуу кароосуна алган туугандарында ата-эне менен перзенттин ортосундагыдай жакындык болбойт. Мунун айынан түшүнбөстүктөр жаралып, зордук-зомбулук менен аяктап жатат.

Зейнеп Эшмуратова коомчулукка оң тараптуу тарбиялоо тажрыйбаларын жайылтуу менен балдарга карата зомбулук, катаал мамилени токтотууга болот деген пикирде. Тагыраагы, ар бир баланын мүнөзүнө ылайык жекече мамиле жасоо, өспүрүм жашка келгенде психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алып колдоо көрсөтүү маанилүү. Бул боюнча аймактардагы социалдык адистер, мектептердеги ата-энелер комитеттери тынымсыз иш алып баруусу зарылдыгын белгиледи.


Зейнеп Эшмуратова – Калктын аялуу катмарын коргоо фондунун жетекчиси

Психолог Гүлбара Кулуева, мектеп жашындагы балдар ата-энесинен алыста болгон учурду оор өткөрөрүн айтты. Бала өзүндө болуп жаткан көйгөйдү башкаларга ачык айтуудан карманат жана бара-бара мүнөзү түнт болуп, кемсине баштайт. Бул мезгилде балдар өз өмүрүнө кол салган учурлар көп болот. Ошондуктан мектептерде социалдык педагогдордун орду чоң. Алар балдардын психологиялык өзгөрүүлөрүнө маани берип, кырдаалды жөнгө сала билүүсү керек.


Гүлбара Кулуева – Ош облустук психикалык ден-соолук борборунун клиникалык психологу

Кырдаал курчуй электе кабарлаңыз

Балдардын укугу бузулган фактыларга ыкчам чара көрүү үчүн Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрилигине караштуу 111 кыска номери менен “Балдардын ишеним телефону” иштеп жатат. Адистер күнү-түнү чалууларды кабыл алып, балдарга карата зомбулук жасалган учурлар боюнча ыкчам түрдө консультациялык-психологиялык жардам көрсөтөт.

Быйылкы жылдын беш айында 48 миңдей телефондон кайрылуу (же бир суткада орточо 300 чалуу) түшкөн:

  • 376 бала консультация алуу боюнча;
  • 101 бала психологиялык жактан жабыркагандыгы боюнча;
  • 125 абонент ата-энеси, туугандары, өгөй энеси, өгөй агасы, мугалим, теңтуштары тарабынан балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөндүгү тууралуу;
  • 38 кайрылууда жашы жете электерге карата ата-эне, чоң эне, өгөй атасы жана белгисиз адамдар тарабынан кайдыгер мамиле тууралуу айтылган.

Анын ичинен балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук тууралуу кайрылуулар боюнча беш факты аныкталып, эки үй-бүлө каттоого алынды. Бир бала психологдун консультациясына жөнөтүлүп, дагы бир бала үй-бүлөсүнөн алынып реабилитациялык борборго жайгаштырылган. Бир бала энесине кайтарылып берилген.

Белгилей кетсек, “111” кыска номерине келип түшкөн чалуулардын баары сакталып калат. Адистер жашы жете электердин укуктары бузулгандыгы жөнүндө маалыматтарды балдарды коргоо боюнча иштерди жүзөгө ашырган органдарга жиберет.

Кыйынчылыкка туш болгон балдар күнү-түнү иштеген 111 ишеним телефонуна жана мамлекеттик миграция кызматынын 18 99 маалымат берүүчү борборуна кайрылышса болот.

Балдардын жаркын жашоосу үчүн жаңы мыйзам

Жашы жете электердин укугун натыйжалуу коргоого багытталган “Балдар жөнүндө кодекстин” жаңы редакциясы иштелип чыккан. Жумушчу топ аны 27-майда өткөн парламент жыйынында тааныштырып, биринчи окууда кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко жыйында сөз сүйлөп жатып, балдарды оор кырдаалдан алып чыгып кетүүгө мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн жардамдар натыйжа бербей жаткандыгын билдирди. Ошондуктан балдар жөнүндө кодексти өзгөртүү зарылдыгы жаралды дейт эл өкүлү:

“Эмгек миграциясынын айынан туугандарынын колунда калган балдар боюнча айтсак, көпчүлүк окуялардын аягы зомбулук менен бүтүп жатат. Ошондуктан жаңы кодексте ата-энелердин мыйзамда каралган жоопкерчилиги күчөтүлөт. Тактап айтканда, чет өлкөгө сапар тартаардан мурун нотариустар аркылуу же аймактардагы социалдык адистерге кайрылып балдарына убактылуу камкорчу дайындап кетиши керек болот. Кодекстин жаңы редакцияына ылайык убактылуу камкордукка дайындоонун мөөнөтү алты ай. Эгерде эмгек миграциясына андан көп мөөнөткө бара жатса, жөн гана “убактылуу” деп белгилеши керек. Айрым жарандар перзенттерин көзөмөлдөп туруу үчүн туугандарына же жакындарына дайындабай деле чет мамлекттерге чыгып кетишет. Мындай учурларды саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин адистери аныктап, жашы жете электердин камкорчусун бекитиши керек”.

Мындан сырткары, жаңы редакцияда балдар үйлөрү жабылып, жашы жете электерди жакын туугандарынын үй-бүлөлөрүнө же фостердик үй-бүлөгө (мамлекеттен акы алып баланы караган үй-бүлө) берүү жагы каралган. Себеби демилгечилер дүйнөлүк практиканы изилдөө менен жашы жете электердин укугу көп учурда балдар үйлөрүндө бузуларын аныкташкан. 

Учурда өлкө боюнча саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 925 кызматкери иштеп жатат. Бир эле учурда майыптыгы бар, улгайган адамдарды жана жашы жете электерди кароого алардын мүмкүнчүлүгү жетпейт. Маселен жумушчу топ Кара-Суу районундагы 58 миң балага бир адис туура келерин аныктаган.

Ошондуктан кошумча 700 социалдык кызматкердин жумуш орундары түзүлөөрү маалымдалды. Натыйжада балдардын укугун коргоо иши жакшырат деп күтүлүүдө. Ар бир айыл өкмөткө бирден адис дайындалып, айыл-айылда кароосуз калган жана ата-энеси миграцияда жүргөн балдар менен тыгыз иш алып барышат.

Евробиримдик жана ЮНИСЕФ уюмунун колдоосу менен 2020-жылы “Миграциядан жапа чеккен балдарды коргоо” аталышындагы долбоор иштеп баштаган.

Долбоордун алкагында ата-энесинин камкордугусуз калган 4 200 балага материалдык, психологиялык жардам берилди. Ал эми убактылуу асырап алган туугандары жашы жете электер менен тил табышуунун ыкмалары, депрессия белгилерин убагында аныктоо боюнча кеп-кеңеш алышты.

Бир жылга белгиленген долбоор быйылкы жылдын башында жыйынтыкталган. Бирок 210 бала узак мөөнөттүү колдоого муктаж болгон. Себеби алардын арасында ден соолугу начар, документтери толук эместер бар. Ошондуктан бул жылы саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүу министрлигинин  каржылоосу менен жогоруда белгиленген балдардын документтерин тактоо, медициналык мекемелерге каттоого коюу маселелери чечилип жатат.

Белгилей кетсек, ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын билим алуусунда, каттоого туруу боюнча документтери тууралуу, жөлөк пул жана медициналык жардам алуу жаатында көйгөйлөрү болсо, “Калктын аярлуу катмарын коргоо жана өнүктүрүү” борборунун
03222 4 14 74 номерине
байланышса болот.

Түнт тарткан кыз жаркын жашоосуна кайта баштады

Ош шаарынын тургуну Пашагүл Чолпонкулова апасы каза таап, атасы мигрант болуп жүргөн сегиз жаштагы небересин асырап алган. Күйөө баласы бир нече жыл мурун башка үй-бүлө куруп, өз алдынча жашайт.

Таенеси небересине мээрим төгүп, бардык нерсе менен камсыздап келсе дагы ата-энесинин орду сезилген. Айрыкча өткөн жылы аларды сагынып куса болуп, түнт тарта баштаган. Ошол учурда ЮНИСЕФтин долбоорунун алкагында мугалим-психологдор бала менен тыгыз иштешкен.


Пашагүл Чолпонкулова – Ош шаарынын тургуну

Андан бери Пашагүл Чолпонкулова небересин мектептен сырткары түрдүү ийримдерге алып барууда. Сегиз жаштагы кыз учурда сүрөт жана математика сабагын өзгөчө кызыгып окуп жатат.

Ички миграциянын айынан жабыркаган балдардын муктаждыктары чечиле баштады

Жаркынай Абдрахманова үй-бүлөсү менен Ош облусундагы ички мигранттардын катарын толуктайт. Он беш жыл мурун Баткен облусунан Ошко көчүп келишкен. Үч баласын багуу үчүн жолдошу экөө кара жумуштарда жалданып иштешет. Туруктуу кирешенин жоктугунан тамак-ашсыз калган күндөрү да болгон.

Жашоо шарты оор үй-бүлө ушул күнгө чейин батирден-батирге көчүп күн көрөт. Анын кесепетинен каттоого тура алышкан эмес. Ошондуктан балдарына мамлекет тарабынан жөлөк пул дагы берилбейт болчу.

“Миграциядан жапа чеккен балдарды коргоо” долбоорунун алкагында Жаркынай Абдрахманованын үч баласына тең пособие чегерилди. Ай сайын берилчү жөлөк пул перзенттеринин тамак-ашына жарап, муктаждыктарын жаап калды.


Жаркынай Абдрахманова

Долбоордун адистери бул үй-бүлөнү турмушу оорлор категориясына киргизип, Ош шаарынан жер алуу боюнча кезекке койду. Жаркынай Абдрахманова жер тилкеси берилсе бир бөлмөлүү болсо да үй куруп, эң биринчи кезекте туруктуу каттоого турушаарын айтты.

“Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюму өнөктөштүктө, Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К аталган долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.

Даярдаган: Нуржамал Баргыбаева

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.