Ош шаарында коомдук транспорттордун жүргүнчүлөрдү алуу жана дарегине түшүрүү системасы башаламан. Жүргүнчүлөр унааны аялдамадан эмес, жолдун ар кайсы жеринен токтотуп чыгып, кайра каалаган жеринен түшүп калышат.

Ал эми коомдук транспорттордун айдоочулары шаар ичинде аялдамаларга токтоо кыйынчылык жаратарын айтышты. Анткени аялдамалардын айланасын жеке транспорттор ээлеп, адам алууга жана түшүрүүгө тоскоолдук кылышат. Мындан тышкары, шаарда аялдамалардын саны жетишсиз.

Калаа тургундары коомдук унааларга чыгууда аялдамаларды гана пайдалануу керек деген талапты көргөн же уккан эмеспиз дешет. Эгерде көзөмөл жүргүзүлсө, анда тартипке баш ийүүгө макул экендиктерин айтышты.

Ош шаардык мэриясынын шаары куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Алтынбек Пирматовдун айтымында калаа аймагында аялдамалар 10 пайыз гана жетишсиз:

“Өткөн жылы 30 даана курдук, учурда шаарда 127 аялдама бар. Бирок, дагы деле муктаждык бар. Шаарга караган Жапалак айылдык аймагынын өзүндө эле 13 айыл бар. Ушул сыяктуу жерлерде демөөрчүлөр, жергиликтүү тургундар аялдамаларды өз каражаттарына куруп, жардам берип жатышат”.

Архитектор Камчыбек Узакбай уулу аялдамаларды жетиштүү санда куруу менен эле маселе толук чечилбейт деген пикирде. Себеби, азыркы пайдаланылып жаткан жолдор менен аялдамалар стандартка ылайык келбейт. Аларды жаңы стандартка ылайык куруу дагы мүмкүн эмес. Анткени көчөлөр тар, башкы план шаарда калк аз мезгилде иштелип чыккан. Андан бери адамдардын саны көбөйгөндүгүн кошумчалады.


Камчыбек Узакбай уулу – архитектор

Коомдук ишмер Мастура Шарипованын айтымында транспортторго атайын көзөмөл жүргүзүлүп турушу керек. Ар бир коомдук унаанын кыймылын жол кайгуул кызматы тескеп, аялдамалардан гана токтоо эрежесин жөнгө салса болот. Себеби, коомдук транспорттор ар кайсы жерден башаламан токтогондуктан, унаа тыгындары жана алардын бири-бири менен кагышып кетүү коркунучу бар.


Мастура Шарипова – коомдук ишмер

Улуу Британиянын баш калаасы Лондондо жашаган журналист Ныяз Ташматов жумушка баруу үчүн коомдук транспортту пайдаланат. Ташматов ал жакта айдоочуларга ар кайсы жерден адам алууга, түшүрүүгө тыюу салынгандыгын жана ал эрежени жүргүнчүлөр да сактарын айтты. Бул шаарда коомдук автобустардын саны өтө көп, ошентсе да тартип бекем болгондуктан башаламандык орун албайт. Ал эми жарандар жеке унаасын аз пайдаланышат. Себеби, жеке транспортторду коюп туруучу автотоктотмолордун төлөм акысы кымбат.


Ныяз Ташматов

Үч жыл мурун Орусияга кеткен Улан Мамашеров ал жакта тартип орнотулгандыгын байкаган. Москва шаарынын ар бир көчөсүндө байкоо камералары орнотулган. Ошондуктан эреже бузуудан корккон айдоочулар аялдамалардан гана токтойт.

Ошто үстүбүздөгү жылдын июль айында “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирет. Учурда шаардагы 35 жол кесилишине видео байкоочу камераларды коюу үчүн электр мамыларын орнотуу жана жер астынан зымдарды алып өтүү иштери жүрүүдө. Аталган долбоорду тендерден кытайлык компания утуп алган.

Жасур Азимов – Ош шаарынын вице-мэри

Тендерден утуп алган кытайлык компания курулуш иштерин жана техникалык жабдууларды өз эсебинен каржылайт. Ал эми долбоор иштеп баштаган соң, эреже бузуулардан түшкөн айыппулдан беш жыл ичинде чыгашаларын толуктап алышат. Белгилей кетсек, Кыргызстанда алгачкы жолу “Коопсуз шаар” долбоору Бишкек шаарында ишке ашкан.

Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюмунун каржылоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши мүмкүн.

Даярдаган: Нуржамал Баргыбаева

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.