Ош: коомдук унаанын жүргүнчүлөрдү чыгаруу-түшүрүү системасы башаламан

Ош шаарында коомдук транспортко жүргүнчүлөрдү чыгаруу-түшүрүү системасы башаламан. Жүргүнчүлөр аялдамадан эмес, жолдун ар кайсы жеринен коомдук транспортко чыгып, кайра каалаган жеринен түшүп калышат.

Ал эми коомдук транспорттун айдоочулары шаар ичинде аялдамаларга токтоо кыйынчылык жаратарын айтышты. Анткени аялдамалардын айланасын жеке транспорттор ээлеп, адам алууга жана түшүрүүгө тоскоолдук кылышат. Мындан тышкары, шаарда аялдамалар жетишсиз.

Калаа тургундары коомдук унааларга чыгууда аялдамаларды гана пайдалануу керек деген талапты көргөн же уккан эмеспиз дешет. Эгерде ошондой талап киргизилсе, анда тартипке баш ийүүгө макул экендигин айтышты.

Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Алтынбек Пирматовдун айтымында калаа аймагында аялдамалар 10 пайыз гана жетишсиз:


Алтынбек Пирматов

“Өткөн жылы 30 даана курдук, учурда шаарда 127 аялдама бар. Бирок, дагы деле муктаждык бар. Шаарга караган Жапалак айылдык аймагынын өзүндө эле 13 айыл бар. Ушул сыяктуу жерлерде демөөрчүлөр, жергиликтүү тургундар аялдамаларды өз каражаттарына куруп, жардам берип жатышат”.

Архитектор Камчыбек Узакбай уулу аялдамаларды жетиштүү санда куруу менен эле маселе толук чечилип калбайт деген пикирде. Азыркы пайдаланылып жаткан жолдор менен аялдамалар стандартка ылайык келбейт. Аларды стандартка ылайык жаңылап куруу да мүмкүн эмес. Анткени көчөлөр тар, башкы план шаарда калк аз мезгилде иштелип чыккан. Андан бери эл да, транспорт да көбөйдү.

Коомдук ишмер Мастура Шарипованын айтымында, коомдук транспорт кыймылын жол кайгуул кызматы тескеп, аялдамалардан гана токтоо эрежесин жөнгө салса болот. Ал эми жүргүнчүлөрдүн жол эрежесин сактоо, коомдук транспортту пайдалануу маданиятын калыптандыруу керек.

Улуу Британиянын баш калаасы Лондондо жашаган журналист Ныяз Ташматов жумушка баруу үчүн коомдук транспортту пайдаланат. Айдоочулар ар кайсы жерден адам алууга жана түшүрүүгө тыюу салынгандыгын, ал эрежени жүргүнчүлөр да сактаарын айтты. Лондондо коомдук автобустардын саны өтө көп болсо да, башаламандык болбой, ар бир каттам убакты-сааты менен жүрүп, жүргүнчүлөрдү сапаттуу тейлейт. Ал эми жарандар жеке автоунаасын аз пайдаланышат. Шаарда автотоктотмолордун төлөм акысы кыйла кымбат.

Үч жыл мурун Орусияга кеткен Улан Мамашеров Москва шаарынын ар бир көчөсүндө байкоо камералары орнотулганын, эреже бузуп, айып пул төлөбөш үчүн аялдамаларда гана токтошорун, бул адатка айланып калганын айтып берди.

Ошто үстүбүздөгү жылдын июль айында “Коопсуз шаар” долбоору ишке киргени турат. Учурда шаардагы 35 жол кесилишине видео байкоочу камераларды коюу үчүн электр мамыларын орнотуу жана жер астынан зымдарды алып өтүү иштери аткарылууда. Курулуш аяктаса, жеке унаалар эле эмес, коомдук транспорттун кыймылы дагы көзөмөлдөнөт. Аталган долбоорду тендерден кытайлык компания утуп алган.

Тендерден утуп алган кытайлык компания курулуш иштерин жана техникалык жабдууларды өз эсебинен каржылайт. Ал эми долбоор иштеп баштаган соң, эреже бузуудан түшкөн айыппулдан беш жыл ичинде чыгашаларын толуктап алышат. Долбоор ишке ашса, коомдук унаанын башаламан токтоосу жоюлары күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда алгачкы жолу “Коопсуз шаар” долбоору Бишкек шаарында ишке ашырылууда.

Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюмунун каржылоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши мүмкүн.

Даярдаган: Нуржамал Баргыбаева

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.