Чет мамлекетте миграцияда жүрүп, кайра мекенге кайткан жарандарда жумушсуздук маселеси жаралат. Ош шаары жана облустун 3 районунда расмий түрдө жумушу жок – каражаттан кыйналган 420 үй-бүлө (Калктын аярлуу катмарын коргоо жана өнүктүрүү фондунун эсептөөсү боюнча) бар экендиги аныкталды.

Ош шаарынын тургуну Шоира Кучкарова буга чейин Казакстанда иштеп келген. Үй-бүлөсүнүн жанында болоюн деп, өз жерине келгени менен азыр жумушсуз:

“Кыргызстанга келгенден бери үйдөмүн, эч жерде иштебейм. Үч балам бар. Ата-энем болуп чогуу жашайбыз. Алардын 7 миң сомдон алган пенсиясы тиричиликке жетпейт. Апамын буту ооругандыктан каражат негизинен дары-дармекке кетет”.

Экономикалык серепчи Эрлан Камаловдун айтымында, мигранттар жумуш жок деп отурбай, кичи бизнестерди баштаса болот. Бирок чет жерде жылдап чогулткан тапкан каражаттарын максаттуу пайдалануудан аксашат. Кирешенин негизги бөлүгү ысырапкерчиликке алып келген иш-чараларга жумшалууда дейт:

СНХ видео Эрлан Камалов – экономикалык серепчи

Финансылык консультант Аксана Рыскуловадан акчаны сарамжалдуу пайдалануу боюнча кеңештер:

  • Чыгашалар кирешеден ашпоосу керек;
  • Акчаны өзүнөн-өзү көбөйүшүнө шарт түзүү;
  • Капчыкка салынган он тыйындын тогузун гана сарптоо;
  • Чыгашаларды көзөмөлдөө;
  • Ар бир тыйын бекерге коротулбаганына ишеним – жашоонун девизи болуп калышы керек;
  • Киреше – сен иштеп жатасыңбы, саякаттап жүрөсүңбү, баары бир өсө бериш керек.

Миграция консепциясын түзүү боюнча мамлекеттик уюмдун мүчөсү Акылбек Ташбулатов, эмгек рыногунда кайсы адистерге суроо-талап күч экендигине анализ жасап туруу зарыл деп эсептейт. Себеби, бир кесипти ченемден ашык санда адам үйрөнсө, жумуш орун жетпегендери миграцияга дуушар болушат жана кайра өз мекенине кайтканда жумушсуздук маселеси жаралат:

СНХ видео

Статистикага ылайык, дүйнө жүзү боюнча бир убакта 100 адам бизнес баштаса, анын үчөө же бешөө гана ишкерлигин өнүктүрүп кете алат. Калгандарынын баары банкротко учурайт.

“Жарандардын техникалык көңдүмдөрү жетишсиз болсо, анда ишкерлигин өнүктүрүп кете албайт. Биздин уюм облустун тоолуу аймактарында ишкерликти жаңы баштагандарга теория менен практиканы айкалыштырып, колдоо көрсөтүп жатабыз. Учурда биз жардам берген ишкерлер кол өнөрчүлүк, балчылык, малчылык боюнча туруктуу киреше таап жатышат”,- деди “Бай Алай” долбоорунун адиси Назира Раимжанова

Калктын аярлуу катмарын коргоо жана өнүктүрүү фонду Оштун үч район, бир шаарынан сырткы жана ички миграциянын айынан жумушсуз жүргөн 420 үй-бүлөнү тизмектеди. Учурда иш сурап кайрылган жарандарга акысыз кеңеш берилип жатат.

СНХ видео

Ош облусунун тургуну Миясорхан Нарматова бир нече жыл мурун Орусияда ашпозчу болуп иштеп келген. Ал үй-бүлөсүнүн жанына кайтканда жумушсуздуктан кыйналган жок. Мигрант болуп жүрүп үйрөнгөн кесибинин пайдасы тийип, азыр балдарга ашпозчулук боюнча сабак берет.

Аудио

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.