8-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 8-сентябрда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Абанын температурасы төмөндөгүдөй:

  • Чүй облусунда түнкүсүн +15 +20, күндүз +30 +35;
  • Талас облусунда түнкүсүн +7 +12, күндүз +26 +31;
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15 +20, күндүз +30 +35;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8 +13, күндүз +24 +29;
  • Нарын облусунда түнкүсүн +4 +9, күндүз +25 +30 градус ысык болот.
  • Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +18 +20, күндүз +32 +34 градус ысык болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.